Аймак

ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ ГАПАР АЙТИЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ КҮЗДӨ БЕЛГИЛЕНЕТ

ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ ГАПАР АЙТИЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ КҮЗДӨ БЕЛГИЛЕНЕТ

 3,504 Бардыгы /

ОШ. Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн  айылында СССР Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев атындагы эс алуу багы түптөлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими Арстнбек Ногоев жана залкардын жердештери катышышты.

Ошентип, кайталангыс кыл калемгердин ысмындагы сейил бакка 250 түп бак тигилди. Буга улай аймакка бара-бара олтургучтар дагы коюлуп, тегереги бүт гүлгө жана фонтандарга чулганмакчы. Баса, Кыргыз Өкмөтүнүн иш-планына ылайык маараке той-аш сыңары белгиленбейт. Демек, ысырапкерчилик дегеле жол берилбейт. Эң башкысы: улуу талант Гапар Айтиевди калкка пропагандалоо иретиндеги эскерүүлөр жана сүрөт көргөзмөлөрү үстөккө-босток уюштурулат.

Айтмакчы, Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн кыштагында төрөлгөн. Кыргыздын туңгуч кесипкөй сүрөтчүсү. Ошондой эле пейзаж жанрынын дагы негиздөөчүсү.   

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17