Аймак

КЫРГЫЗСТАН ДОНБАСС ТУУРАЛУУ ТАСМАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛДЫ

КЫРГЫЗСТАН ДОНБАСС ТУУРАЛУУ ТАСМАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛДЫ

 834 Бардыгы /

Кыргызстан Орусияда тартылган Донбасс тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 23-апрелде Фейсбукка жазды.

Анын айтымында, Орусиянын “Гармония” маданий борбору Кыргызстанда “Чындыктын мезгили” аттуу кинофестиваль өткөрүүнү пландап, 18-апрелде “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборуна кайрылган. Фестивалдын алкагында 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” фильмдери элге көрсөтүлмөк.

Министр Жаманкулов соңку мезгилдеги эл аралык окуяларда Бишкек бейтарап позицияны карманганына байланыштуу аталган тасмаларды өлкө аймагында көрсөтүүгө тыюу салынганын билдирди. “Кыргызтасмасы” мекемесинен фильмдерге уруксат берген күбөлүк артка чакыртып алынды.

Өткөн аптада айрым жарандык активисттер Украинадагы соңку жагдайлардан улам бул фильмдерди көрсөтүүгө каршы чыккандан кийин Бишкекте “Чындыктын мезгили” аттуу фестиваль болбой калган. Кийин кайрадан уруксат берилгени кабарланган эле.

Активисттер бул тасмаларда Орусиянын пропагандасы жайылтыларын айтып, Украинага каршы кастыкты козутуу катары мүнөздөшкөн жана чара көрүүнү өтүнүп укук коргоо органдарына 22-апрелде кайрылышкан.

21-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарандарды 9-май – Жеңиш күнүндө “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырган. Милиция автоунаасына “Z” белгисин тартып алган айдоочуларга айыппул салууда.

Бул тамга Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Украинада эки айдан бери уланып жаткан согушта миңдеген адам каза болуп, миллиондогон эл бозгунга айланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17