Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 1,827 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Мамаюсупов Эркинбек Абдимиталипович дайындалды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, жаңы дайындалган жетекчини Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Нурбек Сатаров эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Эркинбек Мамаюсупов эмгек жолун 2005-жылы “Арион STAR” ЖЧК директорунан баштаган. 2006-жылдан баштап МСИнин Жалал-Абад шаары боюнча башкармылыгынын салык төлөөлөрдү каттоо жана издөө секторунун салык инспектору, салык жыйымдарын жана төлөмдөрүн көзөмөлдө бөлүмүнүн ага инспектору, кичи жана орто ишкердикти көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору,

салык төлөмдөрүнүн жыйналышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору,

салык карыздары бөлүмүнүн башчысы, ККМ көзөмөлдөө жана колдонуу бөлүмүнүн башчысы, рейддик салык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, атайын салыкта режимдери бөлүмүнүн башчысы, башкы аппарат төраганын кеңешчиси,

МСКтын Сузак району боюнча башкармылыгынын жетекчисинин у.м.а.,андан соң

Сузак району боюнча башкармылыктын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2022-жылдын 9-августунан МСКтын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыктын жетекчиси.

Эске салсак, аталган башкармалыкты буга чейин Улукбек Жумашев жетектеп келген. Ал мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17