Аймак

ЖАЙКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛДЕГИ ӨРТТӨРДӨН САКТАНАЛЫ

ЖАЙКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛДЕГИ ӨРТТӨРДӨН САКТАНАЛЫ

 816 Бардыгы /

Жайкы өрт кооптуу мезгилдин башталышы менен өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмдөрү тоолордо, жайыттарда, ачык аймактарда, жол четтериндеги куураган чөптөрдө, кылкандуу дан эгиндеринин аянттарында өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган өрткө каршы иш-чараларды жүргүзгөндүгүнө карабастан ушул күнгө чейин 8 жолу куураган чөптөрдө өрт кырсыктары катталып, өрттүн кесепетинен 13 га аянттагы куураган чөптөр жабыркаган.

Куураган чөптөрдө өрт чыгып кетүү коркунучу сентябрь айынын этегине чейин сакталып, учурда алыскы тоолуу айыл аймактардагы жайыттарда, тоолордогу куураган чөптөрдө өрт чыгып кетүү коркунучу күч алууда.

Урматтуу жарандар! Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жайкы өрт кооптуу мезгилде тоолордогу, жайыттардагы, ачык аянттардагы, жол четтериндеги куураган чөптөрдөгү өрт кырсыктарын алдын алуу максатында күнүмдүк турмушта ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруп, аларды сактоону эскертет.

Айбек ИМАНОВ, Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери,

капитан                                                             

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17