Аймак

КЫРГЫЗСТАН – КЫТАЙ – ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН ЖАЛАЛ-АБАД АРКЫЛУУ ӨТҮҮЧҮ АРАЛЫГЫН ИЗИЛДӨӨ ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛАТ

КЫРГЫЗСТАН – КЫТАЙ – ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН ЖАЛАЛ-АБАД АРКЫЛУУ ӨТҮҮЧҮ АРАЛЫГЫН ИЗИЛДӨӨ ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛАТ

 867 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Келерки жылдын жазына чейин Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун техникалык экономикалык негиздемеси толук даяр болот. Азыркы учурда ага карата тийиштүү аракеттер жүргүзүлө баштады.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев “Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо жана изилдөө институтунан” келген адистер менен жолугушту. Анда кырктан ашуун атайын адистер үч ай аралыгында облустагы темир жол өтүүчү аймактарды тактап, геодезиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштерин алып барышат.

Жолугушууда облус аймагында жумуш аткаруудагы кызматкерлердин ар тараптуу коопсуздук маселелери талкууланды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү иш аткарууда тоскоолдуктар жаралбоосу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен бөлүнүп, коопсуздук чаралары толук көзөмөлгө аларын билдирди. Мындан сырткары адистердин ден соолугу медицина кызматкерлеринин кароосунда болорун айтып, көмөктөшүү боюнча бардык тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Долбоордун негизги максаты  – Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда темир жол байланышын бириктирүү болуп эсептелет. Бул темир жол магистралынын курулушу Кыргызстанга мамлекеттин экспорттук потенциалын ишке ашыруу, Азия – Европа кургак транзиттик байланышын түзүүгө жол ачат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17