Аймак

ШААР АЙМАГЫНА ЗАМАНБАП 292 КОНТЕЙНЕР ОРНОТУЛАТ

ШААР АЙМАГЫНА ЗАМАНБАП 292 КОНТЕЙНЕР ОРНОТУЛАТ

 834 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында заманбап таштанды таштоочу контейнерлер орнотулуп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

таштанды таштоочу контейнерлер үстү жабык жана асты бетондолгон жайда орун алып, бир нече бөлүктөн турат. Шаар аймагына жалпы 292 контейнер орнотулат. Учурда анын 34ү шаардын бир катар көчөлөрүнө орнотулду. Заманбап таштанды урналары жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка жана “Жаратылышты өнүктүрүү ”фондунун колдоосу менен орнотулууда.

Белгилей кетсек, буга чейин таштандылардын арасында нан азыктары көп кезикчү. Мындан улам жолбун иттердин таштандыларды чачып салган учурлары да көп катталып келген. Бул жагдайды эске алуу менен нан азыктарын таштоо үчүн да өзүнчө атайын урналар орнотулуп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17