Аймак

9-сентябрь комуз күнү КОМУЗ – УЛУТТУК МАДАНИЯТЫБЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ, ЭЛДИК ӨНӨРҮБҮЗДҮН ӨЗГӨЧӨ СИМВОЛУ! (Куттуктоо)

9-сентябрь комуз күнү КОМУЗ – УЛУТТУК МАДАНИЯТЫБЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ, ЭЛДИК ӨНӨРҮБҮЗДҮН ӨЗГӨЧӨ СИМВОЛУ! (Куттуктоо)

 8,685 Бардыгы /

Комуз тээ байыртадан ар бир кыргыздын боз үйүнүн төрүндө болуп, үйгө келген конокту тосуу же майрамдык иш-чаралар дал ушул үч кылдуу аспабыбыздын коштоосу жок көркүнө чыккан эмес.
Комуздун кылымдар бою сакталып, анын биздин муунга жетип келишине залкар комузчуларыбыз: Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбрай Туманов, Ниязалы, Айдараалы Жөргөлөк, Атай Огомбаев сыяктуу аталарыбыз, кайталангыс өнөр ээлеринин салымы зор.
Технология өнүккөн заманда, улуттук маданиятты сактап калуу ар бирибиз үчүн ыйык милдет болуусу абзел!
Учурдан пайдаланып, керемет күүлөрдү жаратып, маданий мурастарыбыздын, музыкалык аспаптарыбыздын сакталып калышына зор салымын кошуп жаткан ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем.
Эч качан комузубуздун дабышы өчпөсүн!
Майрамыңыздар менен!

Эрнисбек ОРМОКОВ, Жалал-Абад шаарынын мэри

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17