Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,254 Бардыгы / БАТКЕН. КР УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуу менен Тажик тарап Баткен районундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык обөектилерге чыккынчылык менен кол салгандыгын жар салды. УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек […]
2,255 Бардыгы / БАТКЕН. КР УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуу менен Тажик тарап Баткен районундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык обөектилерге чыккынчылык менен кол салгандыгын жар салды. УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек […]
ТАЖИКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ЧЫККЫНЧЫЛЫК МЕНЕН КОЛ САЛДЫ
16.09.2022 / Автор anarkan_kg2,256 Бардыгы /
БАТКЕН. КР УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуу менен Тажик тарап Баткен районундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык обөектилерге чыккынчылык менен кол салгандыгын жар салды.
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада чагымчылык бара-бара көбөйүп бараткандыгын, Тажикстандын аскер кызматкерлери аныкталбаган адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жаткандыгын баса белгилейт. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип, ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп дагы жатышат. Мунун баардыгы мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жаткандыгын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына дагы алып келишүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфрат\з\м\нө дагы олуттуу зыян алып келүүдө.
Эскерте кетээрибиз: ушул жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылганю. Ушундан көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук”” жана Паскы-Арык тилкесиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына карай дагы ок атышкан. Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген эле.
Кечээ, 15-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп сыпатталган. А бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткыла башташты. Ал эми саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Көк-Таш” чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган. Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эавкуацияланды.
Ушул тапта Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар дагыле улантылууда. Белгилей кетч\ жагдай: Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.