Аймак

ТАЗАЛЫК – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

ТАЗАЛЫК – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

 8,517 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган “Таза мурас” улуттук өнөктүктүн алкагында бекиткен иш-чаранын аткарылышы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу- бул ден соолукка болгон камкордук!

Жыл сайын областтын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу  жөнүндө жылдын 1-мартынан тартып 1-июнуна чейин 3 айлык ишембилик жарыяланат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. Жапаровдун “Таза мурас” улуттук өнөктүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 13.09.2022-ж. №260-б  буйругунун негизинде бекиткен иш-чарасы 2022жылдын 1- сентябрынан 31-декабрына чейин 3 айлык айлана-чөйрөдө тазалыкты сактоо архитектуралык талаптарга ылайык иш алып баруу, санитардык абалын жакшыртуу жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча иш-чаралары жарыяланган. Ошондуктан бул иш-чарага областын ар бир жараны өзүнүн салымын кошууга милдеттүү. Анткени тазалык бар жерде түрдүү жугуштуу жана жугуштуу эмес  ооруларды козгогучтары жана аларды ташып жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар болбогондуктан, алардын өрчүшүнө жана көбөйүшүнө жол берилбейт. Демек тазалык бар жерде оорулар катталбай, ден соолук болот. Бул нерселер тажрыйбада тастыкталган. Адам баласы ооруп дарылангандан көрө аны алдын алуу жеңил жана арзан. Ошондуктан жыл бою чымын-чиркейлер, адамга зыяндуу болгон кемирүүчүлөр жана башкалар адам баласына,үй жаныбарларына, бак-дарактарга, өсүмдүктөргө зыянын тийгизбөө үчүн айлана-чөйрөнү акыр-чикирлерден тазалап, залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзүү зарыл. Ар бир коомдук тамак-аш жайларында, соода дүкөндөрүндө, мекеме-ишканалардын имараттарына ремонт иштерин жүргүзүү (актоо, сырдоо ж.б) керек. Ошондой эле арык жана каналдарды тазалоо, тратуарларды, аллеяларды, парктарды иретке келтирүү ар бир тиешелүү кызматтардын же болбосо мекеме-ишканалардын жетекчилеринин милдеттери. Район-шаарлардын эл жашаган пункттарында жолдордун бойлоруна акыр-чикирлерди таштоочу урналардын орнотулушу талапка ылайык. Анткени көрүнгөн жерлерге таштоого тыюу салынат. Ал эми мекеме-ишканаларга орнотулган таштандыларды таштоочу контейнерлер бетондолгон жерге орнотулуп, капкак менен жабылышы жана таштандылар өз убагында алып чыгарылышы талап кылынат. Эгерде контейнердин капкагы жабылбаса, жугуштуу ооруларды ташуучу чымын-чиркейлер конуп, ооруларды козгогучтарын бутуна илештирип келип даяр тамак-аштарга, таза идиш-аяктарга конуп булгап коюшу анык. Мындан тышкары жолбун ит-мышыктар таштандыларды айланага чачып, кошумча булганышына себепкер болушу мүмкүн. Мындан тышкары тамеки тартуучулар көрүнгөн коомдук жана башка жайларда тамекини тартып айлана-чөйрөнү, абаны булгап, тамекинин калдыктарын таштаган учурлар көп кездешет. Ошондуктан биздин Кыргыз мамлекетинде жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуулугунан сактоо үчүн 15.09.2021-ж. №121 мыйзам кабыл алынган. Мыйзам бузулса, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин беренеси менен айып пулу салынууда. Эгерде жогоруда айтылган иш-чараларды өз деңгээлинде жүргүзө алсак, калк арасында катталуучу ич-келте, ичеги-карын, сарык, мите, туберкулез, кутурма сыяктуу жугуштуу оорулардан жана уулануулардан арылабыз. Ал эми жашылдандыруунун дагы бир ден соолук үчүн мааниси бар, себеби жашыл бак-дарактар өзүнөн кычкылтек бөлүп чыгарып, көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ. Ошондуктан ден соолук үчүн пайдалуу болуп эсептелинет. Ар бир жаран өзүнүн айлана-чөйрөсүн жашылдандырып, көрктөндүрүп жана тазалап турууну колго алышы абзел. Урматтуу окурмандар өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн күрөшүүнү унутпайлы. Анткени ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн колунда. Көчөдө жүргөндө керек эмес баклажка жана башка чыгындыларды көрүнгөн жерлерге таштоого тыюу салынарын унутпайлы. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы республикалык, район-шаардык жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийликтери (айыл өкмөттөр) тарабынан уюшулган ишембиликтерге активдүү катышууга чакырабыз. Анткени айлана-чөйрөбүз барыбыздын жүзүбүз экендигин унутпайлы. Ден соолук ар бир адамдын өзүнүн колунда.

Улпат НАЗИРБЕКОВА, Жалал-Абад район аралык ОАА ж МСЭКБнун

бөлүм башчысы                                        

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17