Аймак

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТАЗАЛАНЫП, КУРУЛУШКА ДАЯРДАЛУУДА

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТАЗАЛАНЫП, КУРУЛУШКА ДАЯРДАЛУУДА

 1,206 Бардыгы /

БАТКЕН. Ушул тапта Баткен жергесинде талкаланган үйлөр чекесинен тазаланып, курулушка даярдалууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер Айыл Өкмөттөрүнө караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузушуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрүнүн өздүк курамы байма-бай тартылды.Ушул тапта алар 2022-жылдын 26-сентябрынан тарта Кыргыз-Тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузушуп, анан дагы тазалап жатышат.

Белгилей кетчү жагдай: Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда жалпы жонунан 618 турак жай талкаланган. Анын 453 кайра курулуп, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17