Аймак

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАГА ЧАТАГЫНА ЧОГУЛГАН ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ СҮЙЛӨШҮП ЖАТЫШАТ

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАГА ЧАТАГЫНА ЧОГУЛГАН ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ СҮЙЛӨШҮП ЖАТЫШАТ

 1,317 Бардыгы /

          ОШ.Баткенде Кыргыз-Тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен Президенттин Баткен облусундагы  өкүлү Абдыкарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Алар ушул тапта Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын залында дагыле сүйлөшүп жатышат.

Анткени, 27-сентябрда Баткен облустук акимчилигинин алдына адамдар топтолуп, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө берүүнү сурашкан. Бул акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка дагы айылдардын тургундары катышып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу кеңири маалымат берүүсүн талап кылышкан. Анткени, 25-сентябрда Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган. 16-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атап келатат. Ал эми  Тажикстан дагы ушундай эле турумду карманууда.

Баса, Кыргызстанга Тажикстандын кол салуусунун бери дегенде 62 жаранынан айрылды. Булардын кыркы – аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө чукулдады, алардын 13үбалдар, 14үаялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапкандыгын билдирди, Ал эми “”Озодиүналгысы 74 кишинин тизмесин жарыялады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17