Аймак

ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРЫЛДЫ

 909 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев менен биргеликте мэриянын жол башкармалыгына жаңы Дусан DX140W экскаваторун тапшырды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, бул унаа шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине колдонулат. Андан сырткары шаардагы сел арыктарды, каналдарды тазалоо жумуштарын да аткарат.

Аталган техника 17 млн. 640 миң сомго сатып алынган. Анын 60%ы Жалал-Абад облустук ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 40%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жол башкармалыгындагы экскаватордун эскилиги жетип, бир нече жылдан бери жолдордун курулуш иштеринде кыйынчылык жаралып келген. Аталган мекемеде жалпы 11 техника, 40тан ашык жумушчу бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17