Аймак

ЭЛ АРАЛЫК МААНИДЕГИ РАСМИЙ ИШ-ЧАРАНЫ ӨТКӨРҮҮ КҮНДӨРҮ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТ ӨТӨШӨТ

ЭЛ АРАЛЫК МААНИДЕГИ РАСМИЙ ИШ-ЧАРАНЫ ӨТКӨРҮҮ КҮНДӨРҮ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТ ӨТӨШӨТ

 807 Бардыгы /

БИШКЕК. 2023-жылдын январь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында мамлекеттер аралык масштабдагы иш-чара  өткөрүлөт.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен келет. Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды  көрөт. Азыркы учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын кезметтеринин кайгулдоосунун посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

 «Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу, жарандарды көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз»- деп билдирет маалыматта.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17