Аймак

ШААРДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ

ШААРДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ  БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ

 1,185 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад шаарында Жарандык коргонуу кызматынын өзгөчө кырдаал учурунда  даярдыгы жана  эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, сактоо жабыр тарткан аймактарга бөлүштүрүу иш-чараларын уюштуру  боюнча жыйын  өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Шермамат Исаев, мэрдин 1-орун басары Кубанычбек Иманалиев жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында шаар мэри өзгөчө кырдаал катталган учурда  жарандык коргонуу кызматы ыкчам аракетте болуп, ар кандай кырдаалга даяр туруусу керектигин белгилеп, аталган иш-чарага кечигип келген жана себепсиз катышпаган жетекчилерге катуу эскертүү берди.

Жыйындан соң Жалал-Абад шаарындагы жарандык коргонуу кызматынын техникаларынын  саптык кароосу өткөрүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17