Аймак

ОШ ОБЛУСУНДА БИР ЧАКАН ГЭС ИШКЕ КИРГИЗИЛИП, ЭКИНЧИСИНЕ ДАГЫ КАПСУЛА САЛЫНДЫ

ОШ ОБЛУСУНДА БИР ЧАКАН ГЭС ИШКЕ КИРГИЗИЛИП, ЭКИНЧИСИНЕ ДАГЫ КАПСУЛА САЛЫНДЫ

 750 Бардыгы /

          ОШ. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Ноокат районунда курулушу аяктаган чакан ГЭСти ишке киргизүү иштери менен жеринде таанышты. Облус башчысы ушул сапарынын алкагында ошондой эле жакында жеке ишкерлер тарабынан курула турган кичи ГЭСтин курулушуна капсула салуу аземине дагы катышты.

          Элчибек Жантаев баса белгилегендей, заманбап энергетика – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондуктан, Кыргызстан  соңку тапта энергетика тармагын өнүктүрүүгө каражатты жана ресурстарды жигердүү жумшап жаткан чаггы.

          – Жеке ишкерлерди колдоого жана стимулдаштырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Анткени, ишкерлер өз долбоорлорун жүзөгө ашырууда мамлекет тарабынан ар тараптуу жардамдарды дагы алышат. Буларды колдоо жаңы жумуш орундарын түзүү менен аймакка чоң пайда дагы алып келээрин түшүнүшүбүз кажет! Жергиликтүү тургундар чакан ГЭСке жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, бул жергиликтүү бюджетке салыктын түшүүсүн көбөйүшүнө дагы шарт түзөт. Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы энергетика системасын чыңдоого жана жалпы энергетикалык балансты жакшыртууга жумшалат, – деген Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев ата мекендик инвесторлорго терең ыраазычылыгын билдирди.

          Сапарынын соңунда Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев мындан аркы ийгиликтүү кызматташууну жана келечекте ушул өңдөнгөн болочоктуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн дагы убадалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17