Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ИНФРАТҮЗҮМҮН ЖАКШЫРТУУ МАКСАТЫНДА БЕШ ДОЛБООР ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛУУДА

ОШ ШААРЫНЫН ИНФРАТҮЗҮМҮН ЖАКШЫРТУУ МАКСАТЫНДА БЕШ ДОЛБООР ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛУУДА

 678 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын инфратүзүмүн заман талабына жараша мыкталап жакшыртуу максатында беиш ири долбоор жүзөгө ашырылып жаткан чагы.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү максатында иш жүзүнө ашырылып жаткан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабынын негизинде башталган иштер менен жеринде таанышты. Аталган курулуш иштери Базарбай Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Долбоорду толук аяктоо мөөнөтү дээрлик бир жыл.

Булардан тышкары Ош шаарынын инфратүзүмүн ого бетер жакшыртуу боюнча ушул тапта жалпысынан беш долбоор каралган. Булар:

– Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

– С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

– А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;

– Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

– Борбордук аянттагы фонтанды реконструкциялоо.

Кыскасы, аталган курулуштар Кыргыз Республикасынын  коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу тендерге берилген. Эскерте кетчү жагдай: Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган аталган долбоорду ишке ашырууга гранттык негизде 6 миллион доллар ажыраткан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17