Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛӨТ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛӨТ

 1,025 Бардыгы /

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, «Жээнбеков жана Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалга жол бербеш үчүн биргелешкен комиссия түзүү, мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл экенин белгилешти».

Бул арада Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери башкармалыгы билдирүү таратты. Анда чек арада кырдаал оор экенин маалымдаган.

“14-мартта Исфаранын Ворух жамаатына кире бериште топтолгон Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары делегация өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө жолтоо болушту. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да чогулган аксайлыктар жолду жаап, тажик жарандарын таш менен ургулашкан” деп айтылат.

Тажик тарап бул күнкү тирештен ​Ворухтун Тидон участкасынын 1982-жылы туулган Расулиддин Тешаев аттуу тургунуна ок тийип, алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапканын, 2003-жылы туулган Ансориддин Хайдаровдун оң колуна ок тийип, жергиликтүү ооруканада дарыланып жатканын кошумчалаган.

Буга чейин “Азаттыктын” тажик кызматы 13-мартта 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран октон мерт болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталды. Баткен облустук милициясы ал тажик тарап аткан октон жараат алганын билдирди.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Тажик тараптын расмий билдирүүсүндө «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.

Кыргызстан жолдун курулушу мыйзамдуу жана өз аймагында жүргүзүлгөн деп эсептейт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17