Аймак

ОШ: РАЙОНДОРДУН 4600 ТУРГУНУН ШАЙЛООЧУ СЫҢАРЫ КАТТАШКАН

ОШ: РАЙОНДОРДУН 4600 ТУРГУНУН ШАЙЛООЧУ СЫҢАРЫ КАТТАШКАН

 1,692 Бардыгы /

ОШ. Ош шаардык Кеңешине шайлоо астанасында Кыргызстандын Түштүк башкалаасына 4600 жаран шашылык каттоого коюлган. Мындай массалык түрдө паспорт жаңылоо Балыкчы жана Каракол шаарларындагы дагы жүз берип олтурат.

– Жаңы шайлоочуларды добуш бергенге тыюу салганга биздин эч кандай акыбыз жок! – деди БШКнын мүчөсү Гүлнара ЖУРАБАЕВА. – Булар ID-кардды мыйзам бузу менен алышкандыгын укук коргоо органдары гана териштирүүсү кажет! Тилекке каршы, Башкы Прокуратура шаарларга массалык түрдө каттооону сүрүштүргөнгө алигүнчө кирише элек.

Ошентсе дагы, БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева жарандарды калааларга массалык түрдө каттоого коюу маселесин БШК мүчөлөрү бийлик алдына кабыргасынан коюшаарын дагы кошумчалады

Айтмакчы, таажы дартына байланыштуу Балыкчы, Каракол жана Ош шаардык кеңештеринин 12-мартка белгиленген шайлоосу убактылуу токтотулган. Эми бул өнөктүктүн июнь айында өтөөрү мерчемделүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17