Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ООГАНСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ КАДИМКИ ЭЛЕ ТАРТИПТЕ ИШТЕП ЖАТАТ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ООГАНСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ КАДИМКИ ЭЛЕ ТАРТИПТЕ ИШТЕП ЖАТАТ

 990 Бардыгы /

КАБУЛ. Кыргызстандын Ооганстандагы Элчилиги кадимки тартипте адаттагысынча эле иштеп жатат. Бул жөнүндө тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

  • Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Тышкы иштер

министрлиги Ооганстандагы соңку окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга абдан кылдат көз салып жатат. Кабулдагы Кыргыз Элчилиги кадимки эле тартипте иштөөдө. ТИМ жана элчилик Ооганстанда убактылуу жүргөн Кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта болуп жаткан чагы. Мекендештерибиздин  туруктуу коопсуздугу, эвакуациясы боюнча бардык аракеттерди көрүлүп жатат, – деп кошумчалады Кыргызстандын Ооганстандагы Элчиси Мирослав Ниязов. – Азыр Ооганстанда жыйырма чакты Кыргыз жараны калды. Булардын баарынын тең колунда авиабилети бар. 21-августка дейре булар дагы бүт Кыргызстанга учуп кетишет.

Ушул тапта “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга дейре кирип барып, бийликти тынч жол менен басып алганы кабарланууда. Ал эми Мекенинде азыр Оогастандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани өзү жок.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17