Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРЫН КАЙРА ТҮЗҮҮГӨ СЫНАК ЖҮРҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРЫН КАЙРА ТҮЗҮҮГӨ СЫНАК ЖҮРҮҮДӨ

 882 Бардыгы /

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча сынак жарыялаган.

Ага ылайык атайын комиссия бүгүн бешинчи отурумун өткөрүп, катышуучулар тарабынан келип түшкөн жалып 15 сунушту карады. Мындагы эмгектер комиссиянын купулуна толбогондуктан сынактын мөөнөтү узартылып, кемчиликтери белгиленип, толуктоого жиберилди.

Облустун символикалык атрибуттары 1998-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.

Сынакка бардык каалоочулар катышып, эмгектерин сунуштай алышат. Жеңүүчүлөргө жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты бөлүнгөн.

Сурап билүү үчүн телефон.: (0770) 70-47-70.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17