Аймак

МИЛИЦИЯ МЕКТЕПТЕРДЕ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕРИН УЛАНТУУДА

МИЛИЦИЯ МЕКТЕПТЕРДЕ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕРИН УЛАНТУУДА

 975 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад ШИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучулары арасындагы топтошуп мушташуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Шаар аймагындагы мектептерде окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, спортто ийгилик жараткан милиция кызматкерлеринин өмүр таржымалы камтылган тасмалар көрсөтүлдү. Алардын басып өткөн кызыктуу учурлары айтылып, чыдамкайлык менен жогорку ийгиликтерге жетишкендиги белгиленди. Мектеп окуучуларына кылмыш жасагандын акыры темир тор менен аяктай тургандыгы эскертилип, коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы айтылды. Ошондой эле мектептеги ишеним кутучаларына анонимдүү түрдө кат жазса болоорун эскертишти.

Мындан сырткары кыш мезгилине карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үйүн көмүр менен жылыткандар иске уулануудан,тайгак учурдарда жолдо жүрүүдө этият болуу зарылдыгы жеткирилди.

Ошондой эле №13 Роза Азимова мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.Жыйында бул багытта иш алып барган кызматкерлер тарабынантүшүндүрмө берилип, окуучуларгадиний түшүнбөстүктөрдөн алыс болуу керектиги эскертилди.

Профилактикалык иш-чара Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан №11 М.Алыкулов мектеп-гимназиясындагы дагы өткөрүлдү. Бул жайда да өспүрүмдөргө атайын видеороликтер көрсөтүлүп, кылмыштуулуктан жана түрдүү кырсыктардан оолак болуу зарылдыгы жеткирилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17