Аймак

СУЗАКТА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АРЗАН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

СУЗАКТА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АРЗАН КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

 1,632 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен Сузак районунда арзан көмүр сатуу түйүндөрү уюштурууда. Бул тууралуу өкүлдун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү райондун Барпы айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылында Кум-Бел көмүрүнүн тоннасы 3 миң 500, Маркай көмүрүнүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан арзан көмүр алгач социалдык жактан каттоого алынган, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жеткиликтүүлүгү көзөмөлгө алынган.

Район акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында 24-ноябрда арзан көмүр Атабеков айыл аймагында уюштурулган. Бүгүн Барпы айылында сатылууда. Алдыга дагы техникалар даярдалып, 100 тонна көмүр алып келүү аракеттери көрүлүүдө.

Сузак районунда социалдык объектилер толугу менен кышка даяр. Элдин көмүргө болгөн муктаждыгы 90 пайызга жетип калды. Райондө калкка жеңилдик жаратуу максатында арзан көмүр уюштуруу алдыдагы күндөрү да уланат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17