Аймак

ИЛДЕТКЕ КАБЫЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ, ЭМДӨӨ АЛУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛӨТ

ИЛДЕТКЕ КАБЫЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ, ЭМДӨӨ АЛУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛӨТ

 774 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Өлкөдө коронавирустун омикрон штаммы катталып, COVID-19 илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. Ага ылайык Жалал-Абад облусунун аймагында калкка эмдөөнүн 3-дозасын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүшүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда айтылды. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жетектеп, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, ооруга кабылгандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, бейтаптарды кабыл алуу үчүн Сузак, Ноокен, Аксы райондорундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылып, Жалал-Абад шаарындагы «Бакыт» реабилитациялык борборунун имаратын кырдаалга ылайык даярдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү ушул жылдын 17-январына карата толук аякталып, бейтаптарды кабыл ала баштайт. Жыйында ооруканаларда кычкылтек толтурулган баллондорду суюк кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыздоо керектиги эскертилди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, аймактарда менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканаларда санитардык талаптардын сакталашына рейддер уюштурулат. Облустагы бардык калкты тейлөө, социалдык объектилер жана коомдук жайларда жарандарга эмдөө алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштери колго алынмакчы.

Мындан сырткары район, шаарлар аралык жана Ош облусуна, Бишкек шаарына каттаган маршруттук жана такси каттамдарына да көзөмөл күчөтүлөт.

Учурда Жалал-Абад облусунда калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө 61 пайызды түздү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17