Аймак

АЛА-БУКАНЫН КӨК-СЕРЕК АЙЫЛЫНДА ЖАРЫКТАНДЫРУУ ЖАКШЫРАТ

АЛА-БУКАНЫН КӨК-СЕРЕК АЙЫЛЫНДА ЖАРЫКТАНДЫРУУ ЖАКШЫРАТ

 900 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылына беш даана жаңы трансформаторлор алынды.

Буга чейин жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эл менен болгон жолугушуусунда айыл аймактагы 150гө жакын түтүндүн жарыктандыруусу начар болуп, кыйынчылык жаралып жаткандыгы айтылган.

Ага ылайык, Ала-Бука районундагы кен иштеткен компания менен түзүлгөн “Социалдык долбоорлор” келишиминин негизинде, жалпы суммасы 750 миң сомду түзгөн беш даана трансформатор алынып берилди.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу иштери аяктаса, айыл тургундарынын жарыктандыруусу жакшырат.

Белгилей кетсек, Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында 7 миң 200гө жакын калк жашайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17