Аймак

КУМТӨРДӨН БЫЛТЫР 14,5 ТОННА АЛТЫН ӨНДҮРҮЛДҮ

КУМТӨРДӨН БЫЛТЫР 14,5 ТОННА АЛТЫН ӨНДҮРҮЛДҮ

 924 Бардыгы /

Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.

“Тенгиз Бөлтүрүк быйылкы жылга карата пландары менен бөлүштү. 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү каралып жатат”, деп айтылат маалыматта..

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин “Центерра” кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. “Кумтөр Голд” компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда “Центерра” менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17