Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
748 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 18-январда кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган. Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди. “Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. […]
749 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 18-январда кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган. Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди. “Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. […]
ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИНЕ КОЛ КОЙДУ
19.01.2022 / Автор anarkan_kg750 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 18-январда кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.
Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди.
“Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн. сомдон жогорку болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат. Бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилерине жайылтылат. Мындан сырткары, Кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тигүү тармагына (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25% өлчөмүндө), зергерчиликке (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер), авиациялык тармакка (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер) жеңилдиктер берилди.
Экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага бергендер, анын ичинде базарларда (кичи-базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачылар менен келишим түзгөндө аларда көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) болушу керектигин милдеттүү түрдө белгилеши керек.
Жөнөкөй тил менен айтканда, ишкерлер көзөмөл кассалык аппараттарын (ККМ) колдонууга милдеттүү. Былтыр декабрь айында “Дордой”, “Дордой Моторс”, “Таатан” базарларындагы соодагерлер ККМ аппараттарын киргизүүгө каршы акцияга чыгышкан.
Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу 2009-жылдын 1-январында ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.