Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР БОЮНЧА ЭЛГЕ ОТЧЁТ БЕРДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР БОЮНЧА ЭЛГЕ ОТЧЁТ БЕРДИ

 1,170 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 31-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мэрия тарабынан 2021-жылы аткарылган жумуштардын отчётун берди. Ага шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджеттен аткарылган курулуштар, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер видео отчёт түрүндө көрсөтүлдү. Андан соң 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берилип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.

Такталганы 531 млн. 248 миң, аткарылганы 549млн 90 миң сомдү түзгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджети 2021-жылга 531 млн 248 миң сом болгон болсо, аткарылганы 549 млн 90 миң сомду түзгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17