Аймак

СУЗАКТА МАЙ ӨНДҮРГӨН ЗАВОД КАЙРА ИШКЕ КИРДИ

СУЗАКТА МАЙ ӨНДҮРГӨН ЗАВОД КАЙРА ИШКЕ КИРДИ

 2,196 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районундагы “Дома-Ата” май өндүрүүчү завод кайра ишин баштады.

“Дома-Ата” май өндүрүүчү заводдо жумуш 2019-жылдан тарта токтоп турган. Учурда күнүнө 80 тоннага чейин май чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Ири май завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин демилгеси менен кайра ишке кирген. Керектелүүчү сырье Россия жана Казахстандан алынып келинип, өндүрүлгөн май Жалал-Абал жана Ош облустарына сатылууда.

Жалпы 72 жаңы иш орун түзүлгөн өнөр-жай мекемеси менен Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты. Аким жергиликтүү өндүрүштү колдоо, көлөмүн жогорулатуу жана жумуш орундарын жаратууда жеке ишке менен алдыдагы аракеттерди талкуулады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17