Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
997 Бардыгы / “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялады. “Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын […]
998 Бардыгы / “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялады. “Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын […]
САДЫР ЖАПАРОВ КУМТӨР КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИГИНЕ ӨТКӨНҮН ЖАРЫЯЛАДЫ
05.04.2022 / Автор anarkan_kg999 Бардыгы /
“Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфирдеги кайрылуусунда айтып, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялады.
“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.
Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык”, – деди Жапаров.
Мындан тышкары, “Центерра” өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгонун, анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөрүн айтты.
“Дагы бир жетишкендик – “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Биз “Кумтөр” кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык – бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген”, – деп кошумчалады Жапаров.
Ошондой эле “Центерра” 2021-жылдын май айындагы алтындын партиясы үчүн алар алып кете албай калган 29 млн. долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартканын, АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болгонун белгиледи.
“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастады. Компаниянын маалыматына ылайык, “Кыргызалтын” “Центеррадагы” 26 пайыз акциясын өткөрүп берет. 1-апрелге карата баасы 972 миллион доллар деп эсептелген бул акциялар “Центерранын” колуна тийгенден кийин жоюлат. Кыргыз өкмөтү менен бул макулдашууга “Центерранын” акционерлери экинчи кварталда добуш бермекчи.
“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.
“Центерра Голд” компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр азыр да уланууда. Бирок тараптар талашты тынчтык жолу менен да чечүүгө аракет кылып келишет.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg АЛАЙ РАЙОНУНУН БОРБОРДУК АВТОБЕКЕТИ ДАГЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
21.06.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
30.06.2023 / Автор anarkan_kg АСМАН ШААРЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛАТ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.