Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 915 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 20-апрелде Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында 2022-жылдын I чейрегинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги АшимТагаев, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Ыкчам кеңешмеде ушул жылдын 3 ай аралыгында аткарылган жумуштардын ийгиликтери менен утурлай кемчиликтери да каралып, мүлккө байланыштуу жана өзгөчө оор кылмыштарга көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле толук кандуу иш алып бару үчүн өздүк курамга жакшы шарттарды түзүү керектигине токтолуу менен бир топ ШРИИБдин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Ошону менен катар Ашим Тагаев жетекчилерге кайрылып, жер-жерлерде жарандарга сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүп, арыз-доо жана ар кандай көйгөйү менен келген жарандардын маселесин жеринде, өз убагында, мыйзамдын алкагында жана кылдат көңүл коюу менен чечилишин талап кылды.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында чечим кабыл алынып, анын негизинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо кетирилген кемчиликтери үчүн – шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн 2 начальнигине жана 5 жетекчи орун басарларына тартиптик жазалар берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17