Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕ СЕЛ 200 БАШ МАЛДЫ АГЫЗЫП ЖАЙЛАДЫ

ЛЕЙЛЕКТЕ СЕЛ 200 БАШ МАЛДЫ АГЫЗЫП ЖАЙЛАДЫ

 870 Бардыгы /

БАТКЕН. Лейлекте жөргөн катуу сел 200 баш малды агызып, унаа жолдорду таптакыр жараксыз абалга кептеди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-майда саат 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен катуу сел жүргөн. Мунун кесепетинен Катраң Айыл Өкмөтүнө караштуу Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга кептелген. Авто унаалар үчүн жол дагыле жабык. Дам–Арык тилкесинде Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолунун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Ошондой эле Баул айылында сел кетүүчү сайдан дагы сел жүрүп 200 баш майда малды агызып, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арык жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга кептелди. Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде 1 турак үйдүн ашканасын, 2 турак үйдүн огороддорун каптап, 2 чакырым унаа жолу, 3,5 чакырым арык жараксыз кейипти кийген. Ал эми Өзгөрүш айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жолу жана 2 чакырым арыктары кум-шагылга толгон.

Соңку сааттарда Тогуз-Булак Айыл Өкмөтүнүн Айбийке айылында 5 турак үйдүн короосун, 6 чакырым арыкты, 3 чакырым унаа жолду жана Миң-Жыгач айылында 4 турак үйдүн огороддорун, 4 чакырым арыкты сел суулары каптады. Жерине 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган. Учурда калыбына келтирүү жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17