Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДУ ТОСУП АЛЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДУ ТОСУП АЛЫШТЫ

 1,158 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинде эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогунда 1-орунду ээлеген Кыргызстан курама камандасынын мүчөсү, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Медетбек Эргеш уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, чемпионду тосуп алууга Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров,Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышышты. Анда спортчулардын жетишкен ийгиликтери өлкөбүздүн бардык жарандарын кубантып жаткандыгы белгиленип, 2023-жылы Азия биринчилигин багындыруу каалоолору айтылды.

Белгилей кетсек эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогу 29-августтан 3-сентярбга чейин Чолпон-Атада болуп өттү. Ага Сауд Аравия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Финалда Сауд Аравияны 2-3 эсебинде Кыргызстан жеңип алган.

Медетбек Эргеш уулу оюндардын жалпы жыйынтыгында “Мыкты байланыштыруучу” наамына татыктуу болуп, атайын статуэтка менен сыйланды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17