Аймак

СУПЕР КУБОК-2022: “ДОРДОЙ” ЖАНА “НЕФТЧИ” ФУТБОЛДУК КЛУБДАРЫ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

СУПЕР КУБОК-2022: “ДОРДОЙ” ЖАНА “НЕФТЧИ” ФУТБОЛДУК КЛУБДАРЫ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

 1,236 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясында “Дордой” футбол командасы менен “Нефтчи” командаларынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, аталган командалардын тренерлери жана капитандары футбол боюнча Кыргызстандын  Суперкубогуна  даярдыктары боюнча маалымат беришти. Эки команда тең мыкты даярдыктан өткөнүн, 10-сентябрда өтүүчү Суперкубок үчүн мелдеш жогорку деңгээлде өтө турганын белгилешти.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогу үчүн беттеш эртең, 10-сентябр күнү, саат 17:00дө Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өтөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17