Аймак

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

 891 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 23-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы салтанаттуу ачылыш менен башталды.

ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы билдиргендей, аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт, алар волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, эстафета (спорт түрлөрүнүн жыйындысы катары), гирялык спорт (гиря көтөрүү), аркан тартышуу, тогуз коргоол жана бильярд. Спартакиада 23-январдан 27-январга чейин өткөрүлөт. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган, бул спартакиадага жамааттын бардык мүчөлөрү катышат: жетекчилик жана кафедралардын окутуучулары, бөлүмдөр кызматкерлери жана чарба бөлүмүнүн жумушчулары. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана достук чогуу жеңишке ээ болушат. ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17