Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,571 Бардыгы / 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана […]
3,572 Бардыгы / 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана […]
USAID ЖАШ БАЛДАР ҮЧҮН 1500 КИТЕП ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖЕРГИЛИКТҮҮ АВТОРЛОР ЖАНА СҮРӨТЧҮЛӨР МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕШҮҮДӨ
02.05.2023 / Автор anarkan_kg3,573 Бардыгы /
1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан.
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук жазуучулар союзунун жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс катышышты. Авторлор жана иллюстраторлор USAID уюштурган китептерди жазуу, кооздоо, калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин колдоосу менен өз чыгармаларын өркүндөтүштү. Алар электрондук китептерди жаратуу үчүн Bloom тиркемеси менен иштөөнү дагы үйрөнүштү.-
– Мен чыгарманын түзүмүн сактоону, балдардын ой жүгүртүүсүнүн курактык өзгөчөлүктөрүн эске алууну, жаш окурмандар текстти мыкты түшүнүүсү үчүн лингвистикалык ченемдерди сактоону жана чыгарманын тарбиялык маанисине көңүл бурууну үйрөндүм, – дейт Ольга Стародубова, долбоорго Ысык Көл облусунун Түп районунан катышкан автор.
2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1,3 миңден ашуун жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, билимге умтулуу жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктардын туруктуу калыптануусуна өбөлгө жаратмакчы.
– Биз Кыргыз Республикасында жаш балдар үчүн китеп иштеп чыгуу боюнча эң ири демилгелердин бирин колдоп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул демилге таланттуу балдар жазуучуларынын жана иллюстраторлордун жаңы муунунун пайда болушуна гана өбөлгө жаратты, – деп билдирди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс.
Баса, аталган авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык электрондук Bloom Library китепканасында жеткиликтүү.
– Азыркы ааламдашуунун алкагында биздин аркабыздан кандай муун өсүп жатат, келечек муун кандай жолго баратат деген суроолорду эске алып, балдар адабиятына, балдардын көркөм сүрөт өнөрүнө жана көркөм искусствого көңүл бөлүп жаткандыгыңыздар бул өтө колдоого алаарлык көрүнүш деп ойлойм, – деп өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев белгиледи.
2024-жылга чейин USAID дагы 200 жаңы китеп аталышын иштеп чыгууну пландаштырууда. Тандалган китептер 1 миллионго жакын нуска менен басылып чыгып, жалпы республика боюнча мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга тапшырылат.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга гана багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682 мектепте жүзөгө ашырылып жатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.