Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН БОКС БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТЫНДА БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРГАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН БОКС БОЮНЧА  ЧЕМПИОНАТЫНДА БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРГАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

 981 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында Жалал-Абад шаарынан барган Нурадин Рустамбек уулу 71 кг салмакта, Ислам Далибаев 75 кг саламакта жана Баяман Илязов 92 кг дан жогорку салмакта биринчиликти багындырды.

Ийгилик жараткан спортчулар менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана шаардык кеңештин депутаты Келдибек Орозбаев жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктап, жеке каражатынан акчалай белектерин тапшырышты. Орозбаев өз сөзүндө Жалал-Абад шаарында тарбияланган жаш спортчулардын өлкөдө өткөн жана дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратып жатканы сыймык экенин баса белгилеп, эл өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен биргеликте спортчуларды ар дайым колдоп келээрин кошумчалады.

Эске салсак, 19-24-сентябрь күндөрү борбор калаа Бишкекте өткөн Кыргызстандын бокс боюнча биринчилиги болуп өттү. Анда биринчиликти багындырган спортчулар Сербияда өтүүчү мелдешке жолдомого ээ болгон.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17