Аймак

ОШТО ТАЯК ТАРТЫШ ЧЕМПИОНАТЫ АЯКТАДЫ

ОШТО ТАЯК ТАРТЫШ ЧЕМПИОНАТЫ АЯКТАДЫ

 1,644 Бардыгы /

ОШ. Таяк тартыш боюнча Ош облусунун биринчи ачык чемпионаты бул ирет Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУда) өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара ОшПМУнун имаратында Кыргыз Республикасынын Таяк тартыш федерациясы тарабынан уюштурулду.

Таяк тартыш боюнча Ош облусунун биринчи ачык чемпионатына ОшПМУнун ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун губернаторунун орун басары Данияр Жаныкулов жана таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков абай салышты. Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлдү. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери дагы катышышты. Иш-чара спортту жайылтуу, аймактар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу максатын гана көздөдү.

Ошентип, аталган мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышты. Үчүнчү орунду Ош мамлекеттик университетинин, экинчи орунду ОшМПнун колледжинин, ал эми биринчи орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17