Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН 70 СПОРТЧУ СЫЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН 70 СПОРТЧУ СЫЙЛАНДЫ

 897 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 23-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин демилгеси менен 2021-жылдын ичинде Азиялык, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чарада жалпы 70 спортчу жана машыктыруучуларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы жана алкыш барактары, мелдештердеги ийгиликтерине ылайык 5 миң сомдон, 20 сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Саамалыкта Абсаттар Сыргабаев спорт чеберлеринин жетишкендиктери ар дайым сыймык жаратаарын айтты. Бул аракеттер облусундагы спортчуларга дем-күч берип, эмгегин баалоо менен максатында уюштурулганын кошумчалады. Азыркы учурда өлкө башчысы тарабынан да тармактын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаш спортчулардын жетишкендиктери, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасы экенин белгиледи. Мындан арады да спорт аркылуу облусту даңазалап, Кыргызстандын желегин желбиретүүдө ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад облусундагы бир катар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо максатында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 595 миң сом акча каражат бөлүнгөн.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17