Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 16,416 Бардыгы /

                                                   ТОКТОМ №1

                                8-июнь   2022-ж.            Шамалды-Сай айылы

“Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык,  Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектегиXIV сессиясы Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставын карап чыгып,талкуулап бекитүү  максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык

бекитилсин.

2.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына

жөнөтүлсүн.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук боюнча туруктуу

     комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:                              Н.Мадалиев

—————————————————————————————————————————–

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги

XIV сессиясынын № 1-токтомуна тиркеме

Достук айыл өкмөтүнүн

жергиликтүү жамаатынын

УСТАВЫ 

1.Жалпы жоболор
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
3.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз

катышуу формалары
4.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
6.Корутунду жоболор

I. Жалпы жоболор

      Достук айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү жамаатынын Уставы – жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав Достук айыл өкмөтүндө колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл өкмөтүндө иштеп жаткан бардык юридикалык жактарга, ошондой эле жеке жактарга, анын ичинде айыл өкмөтүндө  иш жүзүндө (такай) жашаган жарандарга да жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

-жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча өз ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 7 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 7 адамдан кем эмес жарандардын жалпы кызыкчылыктарынан улам айылдын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн өз ыктыярдуу бирикме;

-айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 7 адамдан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

-жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын  жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

-жарандардын чогулушу – бир көчөнүн же айыл өкмөтүндө  жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;

-коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

айылдын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.

3. Айыл өкөтүнүн территориясы

3.1. Айыл өкмөтүнүн территориясы айыл өкмөтүнүн  административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2. Достук айыл өкмөтүнүн территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:

Шамалды-Сай;

Кызыл-Туу;

– Достук;

Кудук-Сай;

Шың-Сай;

-Сары-Камыш.

4. Айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү жамааты

4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Достук айыл өкмөтүндө туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.

4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.

4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.

5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн

чыгуунун тартиби

5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Достук айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айыл өкмөтүндө жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

– ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

– аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө

киргенде;

– каза болгондо;

-айыл өкмөтүнөн сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, жынысына жана этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:

 – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;

 – мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

– айылдын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;

– инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;

– айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;

– мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;

– жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;

– жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

– жамааттын жашоо турмушунун жакшыртуу маселелерин камсыз кылуу боюнча тиешелүү эрежелерди жана жол-жоболорду демилгелөө;

– айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине алкоголдук жана тамеки продукцияларын жашы жете элек балдарга түнкү убакта сатууну чектөө эрежелеринин кабыл алынышын

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” КР Мыйзамына ылайык демилгелөө;

– маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

– айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

– айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;

– жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

– жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;

– микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;

– жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

– жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу маалымат алууга;

– ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан төмөндөгүлөргө милдеттүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле  ушул Уставды бекем сактоого;

 – жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

– жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноскотаандыктыгы, туткандини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

– этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

– этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

– жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;

– айлана-чөйрөнү коргоо жана экология эрежелерин сактоо, ушул эрежелерди сактоолордун бузулушунда КР айлана-чөйрөнү коргоо жана экология жөнүндө мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартуу

– муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;

– калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык ветеринардык жоболорду сактоого;

– мал жаюуда малды КР «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына, жер мыйзамдарынын укуктук ченемдерине жана талаптарына ылайык жайыттарды пайдаланууга, же атайын мал жаюуга ылайык жерлерге жаюуга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык малчылар менен жарандардын мал жаюу тууралуу Келишимди милдеттүү түрдө түзүүгө;

– калктуу конуштун ичинде санитардык ченемдерди сактоого жана таштандыларды атайын беллиленген жерлерге чыгарууга (таштанды кутулары/полигондор) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;

– калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

– таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;

– жерди пайдаланууда, курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуп жүргөн шаар куруу жана архитектуралык пландаштыруу курулуш куруу ченемин жана эрежелерин сактоону бузуу КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга;

– жамаатын Курултайынын чечими менен, жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн коомдук пайдалуу демөөрчүлүк иш чараларга (ашарларга, ишембиликтерге) катышууга;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүүайыл аймагынын жашоо турмушун жакшыртууга жана камсыз кылууга багытталган ченемдерин жана башка эрежелерин сактоого.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана анны ишке ашыруунун формалары

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.

7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.

7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:

– коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;

– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;

– ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добушберүүгө катышуу.

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

8.1.Достук айыл өкмөтүнүн (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.

8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.

9. Айылдык кеңеш

9.1. Достук айылдык кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

9.3. Айылдык кеңештинишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.

9.4. Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.

9.5. Айылдыккеңешсессиянын: жыйындындатасыжанакүнтартибижөнүндөалдын ала жарандаргамаалымдоого, алардынсессияга, жыйындаргакиришинешарттүзүүгө, ошондой эле кабылалынганчечимдербоюнчажергиликтүүжамааттымаалымдоогомилдетүү,

9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.

9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.

9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.

9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өзотчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүүжамаатка маалымдайт.

9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.

9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.

10. Айылөкмөтү

1. Айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп айыл өкмөтү эсептелет.

Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Министрлер Кабинети бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

2. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулар алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

4. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук түрүндө чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

6. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.

7. Айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен ишти уюштуруу жана документациялык камсыз кылуу эрежелери архивдик мыйзамдардын жана документациялык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

10.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – 5 жыл.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.

11. Жергиликтүү маанидеги маселелер

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.

12. Жергиликтүү жамааттын курултайы

12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары – курултай) чакырылат.

12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

– жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

– аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;

– жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

– жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

– коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

– өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

12.3. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

12.4. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.

Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир айылдын калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.

12.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.

13. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

13.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.

13.2. Айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен аз эмеси  жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.

13.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

13.5. Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору айылдык кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

14. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби

14.1. Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл өкмөтүндө  жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат.

14.2. Демилгелүү топ айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү  үчүн кол топтоо, аны айылдык кеңеш караган учурда  жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын коргоо үчүн түзүлөт.

14.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

– айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;

– токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;

– элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу маалыматтарда жайылтуу;

– жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүт  иштерин жүргүзүү;

– мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.

14.4. Демилелүү топ өзүнүн  ичинен ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими  протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун  мүчөлөрү  кол коет.

15. Айылдык чогулуштар

15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.

15.2. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.

15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 14 жумушчу күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

15.4. Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

16. Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер

Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат:

– жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;

– айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП, туризм ж.б.), жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;

– айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

– айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

– жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

– ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

– турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;

– аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелериy талкуулоо;

– жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

– айыл башчысынын кызмат ордуна талпкерлерди кароо;

– айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;

– айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

– айылдык аймакта айыл чарба багытындагы жайгашкан жолдорун өнүктүрүү маселелерин талкуулоо жана жергиликтүү жамааттын макулдугу менен чечимдерге келүү;

– айылдык аймакта туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо жана жергиликтүү жамааттын макулдугу менен чечимдерге келүү;

– жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.

17. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.

17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыштар типте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

18. Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси

  18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.

  18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны 15 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.

 18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.

  18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

19. Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу

    19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

            – айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

            – иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын);

            – иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

            – кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);

– демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.

19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:

– ушул Уставдын 19.1. –пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;

– аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;

– эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

20. Коомдук угуулар

20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен  жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

21.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

– алкыш жарыялоо;

– баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

– грамоталар менен сыйлоо;

– “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;

– жамааттын Ардак тактасына илүү;

– жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

– “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

– “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

21.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

– жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрагасына таандык;

– алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

– Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

21.3. “Айылдык аймактын ардактуужараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

22. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

22.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

22.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

23. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби

23.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

23.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

– айылдык кеңештин төрагасы;

– айыл өкмөтүнүн башчысы;

– айылдык кеңештин депутаттары;

– айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

– жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

23.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

23.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

23.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

23.6. Айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

23.7. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

23.8. Кабыл алынганУставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.

23.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                          А.Бекибаев

——————————————————————————————————————–

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17