Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 16,602 Бардыгы /

                                                         ТОКТОМ № 1

                        6-апрель   2022-ж                   Шамалды-Сай айылы

“Килем – Ата жайыт  комитетинин  чабандардын жайыт акысына өгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы   маселени күн тартибинде карап жана талкуулап                                            

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

           1.“Килем-Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.

           2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: бир сезонго жогорку жана жакынкы

жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү: 

               а) жылкы                        бир баш үчүн – 130 сом,

               б) ири мүйүздүү мал      бир баш үчүн – 130 сом,

               в) кой, эчки                     бир баш үчүн –  30 сом.

           3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү

               а)  жылкы                       бир баш үчүн – 70 сом,

               б)  ири мүйүздүү мал    бир баш үчүн – 70 сом,

               в)  кой,эчки                    бир баш үчүн – 15 сом.

           4. Башка райондордон келген жогорку жайытты пайдалангандар үчүн

                а) жылкы                        бир баш үчүн – 130 сом,

                б) ири мүйүздүү мал     бир баш үчүн – 130 сом,

                в) кой, эчки                     бир баш үчүн – 30 сом.

           5. Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга, жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн элдердин

              төлөмдөрү 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:

                 а) кара мал, жылкы        бир баш үчүн – 450 сом,

                 б) кой, эчки                    бир баш үчүн  – 130 сом,

                    в) козу, улак                   бир баш үчүн  –130 сом.

           6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

           7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп, жогорудагылар келишимде эске алынсын.

      8. Токтомдун аткарылышы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке, көзөмөлдөө айыл

өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

      Айылдык кеңештин төрагасы:                           Н.Мадалиев

——————————————————————————————————

                                                     ТОКТОМ № 2

                        6-апрель   2022-ж                   Шамалды-Сай айылы

Турак жай курууга берилген жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө”

Шамалды-Сай айылынын тургуну Султанова Анипанын арызынын жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы  маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шамалды-Сай айылынын  тургуну А.Султанованын  турак жай курууга деп 3040310010388 идентификациялык номери менен берилген 238 м.кв. жер тилкесинин 58 м.кв жеринин максаттуу багыты дүкөн  куруучу жерге деп өзгөртүлсүн.
  2. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр”  мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук  филиалынан суралсын.
  3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Абдышовго жүктөлсүн.  

                   Айылдык кенештин төрагасы                                                    Н.Мадалиев

————————————————————————————————————————————

                                                          ТОКТОМ № 3

                        6-апрель   2022-ж                   Шамалды-Сай айылы

 “Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө”

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы  маселени күн тартибинде   угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн муниципалдык ишкана түзүлсүн.
  2. Муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Нарын таза суу”  муниципалдык ишканасы, кыскартылып  аталышы: МИ “Нарын таза суу;

             -расмий тилде: муниципальное предприятие “Нарын таза суу”, кыскартылып   

             аталышы: МП   “Нарын таза суу”.

  • “Нарын таза суу”  муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
  • Уюштуруучу жөнүндө маалыматтар: Достук айыл аймагынын Достук айыл  өкмөтү, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,  Ноокен району, Шамалды-Сай айылы, Н.Рыскулов көчөсү 21/3 үй.
  • “Нарын таза суу”  муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,  Ноокен району, Шамалды-Сай айылы, Н.Рыскулов көчөсү 21/3 үй болуп бекитилсин.
  • Муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги 4 адамдан бекитилсин.
  • Муниципалдык ишкананын тиешелүү юстиция органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы ишкананын  төрагасына  жүктөлсүн.
  • Бул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын жана мыйзамда  белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын далилдейбиз.
  • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

                       Айылдык кеңештин төрагасы:                                              Н.Мадалиев

————————————————————————————————————————————–

                                                          ТОКТОМ № 4

                           6-апрель   2022-ж                   Шамалды-Сай айылы

“Достук айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы 01-5/83 сандуу кайрылуусун  кароо жөнүндө”

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгына ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-мартындагы №1 протоколунун чечимин, Достук айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы 01-5/83 сандуу кайрылуусунун негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы01-5/83 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
  2. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Талантбек уулу Сыймыктын маалыматы эске алынсын.
  3. “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 10-мартындагы №1 протоколуна киргизилген 15 пункттан турган чечими  аткарууга алынсын.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Достук айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

                  Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Н.Мадалиев

——————————————————————————————————————–

Достук айылдык кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги XIII сессиясынын № 4-токтомуна тиркеме

Достук айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо

1. Жалпы жоболор

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби 

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчүкомиссиялар жана кызмат адамдары

5. Жергиликтүү комиссия

6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты Достук айыл өкмөтүндөүй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1. Достук айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2.Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда  талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет. Кафелерде өткөрүлүүчү салтанаттарга 250дөн ашык киши чакырылбайт.Мыйзамга баш ийбеген жарандарга 200(эки жүз миң) сом айыл пул салынат.

3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттаркалыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик,кыркылык) өткөрүүдө  мал союуга болбойт (тыюу салынат).3 күндөн кийин 1 кой союлуп маркумду эскерүү өткөрүлөт. Мыйзамга баш ийбеген жарандарга 200(эки жүз миң) сом айыл пул салынат.

4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албагандакалыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.

5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

Жобого ылайыкүй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет.

Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.1.1.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндөтүзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссияайыл өкмөтүнүн башчысынынбуйругу менен бекитилет.

5.1.2. Жергиликтүү комиссиянынмүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жергечогуусу менен барыптүшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда  маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.

6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

        Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                           А.Бекибаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17