Аймак

СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 13,875 Бардыгы /

                                                              №17  ТОКТОМ

                       27-июль  2022-жыл                 Арал  айылы                                                                       

“Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  Төш  айылындагы “Айданек-1”  мектепке  чейинки  билим  берүү мекемесине даярдалган  долбоорго  өздүк салым  бөлүү жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл  өкмөтүнүн  Төш айылындагы  “Айданек-1”  мектепке чейинки билим берүү  мекемесине  даярдалып  жаткан долбоорго 2023-жылдын бюджетине  киргизип,  долбоордун 20%  өздүк салым катары төлөп берүү  үчүн Кара-Дарыя  айылдык  кеңеши

                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл  өкмөтүнүн  Төш айылындагы  “Айданек-1” мектепке  чейинки билим берүү  мекемесинин  айланасын  тосуу  дарбаза,  2 даана  балдар ойноочу  жай,  беседка куруу үчүн  Жалал-Абад  областтык  өнүктүрүү  фондуна   даярдалып  жаткан  1240, 0  сомдук  долбоордун   20% ын  248,0  сомду  өздүк  салым  катары  2023-жылдын бюджетинен  каралып,   жергиликтүү  бюджеттен  бөлүнүп  берилсин.
  2. Токтомду  аткаруу  жагы  Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн башчысы Н.А. Караевге  жана  ФЭБ  башчысы  М. Жолдошовго  милдеттендирилсин.

        Кара-Дарыя  айылдык  кеңешинин  төрагасы:                    У. Абдыгапаров

——————————————————————————————————————–

                                                              №18  ТОКТОМ

                       27-июль 2022-жыл                                         Арал  айылы                                                                       

“Кара-Дарыя  айыл өкмөтүнүн  2023-жылга  жергиликтүү бюджетинин  киреше, чыгашаларынын  долбоору  жана 2024-2025-жылдарга  божомолу  жөнүндө”

Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн 2023-жергиликтүү  бюджетинин  долбоору  жана 2024—2025-жылдарга  божомолу  жөнүндөгү  айыл  өкмөтүнүн  башчысы Н. Караевдин билдирүүсүн угуп  талкуулап,  Кара-Дарыя  айылдык  кеңеши

                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин кирешелери  атайын каражат менен  кошо  2023-жылга  долбоору 18015,7 миң сом 2024-жылга божомолу 18015,7 миң сом  2025-жылга  божомолу  18015,7 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.
  2. Республикадан берилүүчү  теңдөө  грантынын көлөмү 2023-жылга долбоору 14131,8 миң сом  2022-2023-жылдарга  божомолу 14131,8 миң сом өлчөмүндө  бекитилип, теңдөө  гранты  биринчи кезекте  корголгон  беренелерди (эмгек  акы  жана  анын  социалдык фондго  болгон  чегерүү, электр  энергиясына тамак-аш)  каржылоого  жумшалсын.
  3. Кыргыз  Республикасынын бюджеттик  кодексинин,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен  бекитилген  нормативдик актыларга  жана  айыл өкмөтүндө коомдук угуулардан каралган  маселелердин  негизинде  айыл  өкмөтүнүн бюджетинин  чыгымдары  2023-жылга  долбоору 32147,5 миң сом,  2024-жылга  долбоору 32147,5 миң сом, 2025-жылга  долбоору  32147,5 миң сомго  бекитилсин.
  4. Айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин бекитилген  2023-жылга  долбоору  жана  2024-2025-жылдарга  божомолун  жалпы  мамлекеттик  бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн  Кыргыз Республикасынын  финансы  министрлигинин  Сузак  башкармалыгына тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  башчысы Н. Караевге  милдеттендирилсин.
  6. Ушул  токтом  расмий  түрдө жарыяланган  күндөн  тартып  өз  күчүнө кирет.

        Кара-Дарыя  айылдык  кеңешинин  төрагасы:                    У. Абдыгапаров

——————————————————————————————————————–

                                                                      №19  ТОКТОМ

                       23-август 2022-жыл                                         Арал  айылы                                                                       

“Кара-Дарыя  айыл өкмөтүнүн  2022-жылга  Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн 2021-жылда сел  ташкындарынан  жабыркаган айыл  тургундарынын  бузулган  үйлөрүн  калыбына  келтирүү  жана  куруу  жөнүндө”

Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн 2021-жылда сел  ташкындарынан   жабыркаган айыл  тургундарынын  бузулган  үйлөрүн  калыбына  келтирүү   жана  куруу үчүн айыл  өкмөтүнүн  башчысы Н. Караевдин  билдирүүсүн угуп,  талкуулап  Кара-Дарыя  айылдык  кенеши

                                                              ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн 2021-жылда  сел  ташкындарынан  жабыркаган  айыл  тургундарынын  бузулган  үйлөрүн  калыбына  келтирүү  жана  куруу  үчүн  Сузак райондук  мамлекеттик  администрацияга  Жалал-Абад областынын  район-шаарларынын  жана  мекеме- уюмдарынын  кызматкерлеринин  бир күндүк  эмгек  акысынан  чогулткан  7860,0 миң сом акча  каражаты  Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  Чангыр-Таш  айылындагы  №1  корпустун  жашоочуларына  үй  куруу  үчүн  акча  каражаты  сарпталсын.
  2. Акча каражатын  үнөмдөө,  максаттуу  жана  мыйзамдуу  аткаруу  Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Н. Караевге  милдеттендирилсин.
  3. Ушул  токтом  расмий  түрдө  жарыяланган  күндөн  тартып  өз  күчүнө  кирет.

        Кара-Дарыя  айылдык  кеңешинин  төрагасы:                    У. Абдыгапаров

——————————————————————————————————————-

                                                            №20  ТОКТОМ

                       23-август 2022-жыл                                         Арал  айылы                                                                       

“Кара-Дарыя  айыл аймагынын  тургундарынын эгиндерине  зыян  келтирген  мал-жандыктар жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагындагы тургундарынын  арыздарын,  кайрылууларын  угуп талкуулап,  Кара-Дарыя  айылдык  кеңеши

                            ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  Чаңгыр-Таш,  Арал, Төш айылдарынын  тургундарынын  алыскы  жайыттан  эрте  кайткан  элдин  малдары  эккен  эгиндерин  жеп, тебелеп зыян келтирген  мал  жандыктарынын  ээлерине  төмөнкүдөй  айып  пул  салынсын. Айыл  башчылар,  айыл  комитеттери  аркылуу  айыл  тургундарына  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлсүн. Зыян келтирген  тургундардын  мал  жандыктарына  төмөнкүдөй акчалай  жаза  салынсын:

Жылкыга, кара малга,  эшекке- келтирген  зыянга  карап – 5000 (беш) миң сомго  чейин. Кой,  эчкиге -1000 (миң) сом.

  • Токтомдун  аткарылышынын  көзөмөлдөө  жагын Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн  башчысы  Н.Караевге  милдеттендирилсин.

Кара-Дарыя  айылдык  кеңешинин  төрагасы:                    У. Абдыгапаров

——————————————————————————————————————–

                                                            №21  ТОКТОМ

                       14-сентябрь 2022-жыл                                         Арал  айылы                                                                       

“Кара-Дарыя айыл  аймагынын  жергиликтүү  жамааттарынын  өкүлдөрүнүн  курултайын  чакыруу жөнүндө”

Кыргыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө  мыйзамына  ылайык  Сузак  райондук   мамлекеттик  администрациясынын  13.09.2022-жылдагы  № 01/-32/2652  сандуу  катын  негиздеп, Кара-Дарыя  айыл  өкмөт  башчысынын  берген  сунушун  угуп  жана  талкуулап  Кара-Дарыя  айылдык  кеңеши

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя  айыл  аймагында  жергиликтүү  курултайдын  2022-жылдын  5-ноябрь  күнү  саат  10:00дө, №20 М.Маткеримов орто  мектебинин  имаратында  өткөрүлсүн.
  2. Жергиликтүү курултайдын  делегаттарын  шайлоо  үчүн  айыл  аймак  төмөндөгүдөй  аймактык  бөлүктөргө  бөлүнсүн:

Жогорку,  Аксылык, Чоң кыргыз,  Арал, Мундуз, Төш,  Ак-Мечит, Кундузчу,  Ак-Сай, Уч айылдары.

       3.  Кара-Дарыя  айыл  аймагы  боюнча делегаттардын   жалпы  саны 100 (жүз)  адам  деп бекитилсин  жана  айыл  аймактын бөлүктөрүндө  төмөндөгүдөй  иретте  көрсөтүлсүн:

-Жогорку  айылы  боюнча  делегаттардын  саны- 11 (он  бир) адам;

-Аксылык айылы  боюнча  делегаттардын  саны -10 (он) адам;

-Чоң кыргыз айылы  боюнча  делегаттардын саны-10  (он)  адам;

-Арал  айылы  боюнча делегаттардын  саны – 13(он үч) адам;

-Мундуз  айылы  боюнча  делегаттардын  саны- 10 (он) адам;

-Төш айылы боюнча  делегаттардын  саны-13 (он үч)  адам;

-Ак-Мечит айылы боюнча  делегаттардын  саны-13 (он үч)  адам;

-Кундузчу айылы  боюнча  делегаттардын  саны-5 (беш) адам;

-Ак-Сай  айылы  боюнча  делегаттардын саны-10 (он) адам;

-Уч айылы  боюнча  делегаттардын  саны -5 (беш) адам;

     4.  Ар бир аймактын бөлүктөрүндө жергиликтүү  курултайга  делегаттарды  шайлоо  боюнча  жыйындарды  өткөрүү  графиги  төмөндөгүдөй  бекитилсин:

-Жогорку  айылында 2022-жылдын 15-октябрь  күнү саат 10:00дө өз  айылдарында;

-Аксылык айылында  2022-жылдын 16-октябрь  күнү саат 11: 00дө мектептин  имаратында;

-Чоң кыргыз айылында 2022-жылдын 17-октябрь күнү саат11:00дө мектептин  имаратында;

-Арал айылында 2022-жылдын 18-октябрь күнү  саат 11:00дө мектептин  имаратында;

-Мундуз айылында 2022-жылдын 19-октябрь  күнү  саат 10:00дө мектептин  имаратында;

         -Төш айылында 2022-жылдын 20-октябрь күнү саат 10:00дө мектептин  имаратында;

-Ак-Мечит айылында 2022-жылдын 21-октябрь күнү саат 11:00дө мектептин  имаратында;

-Кундузчу айылында  2022-жылдын 22-октябрь күнү 10:00дө  мектептин  имаратында;

-Ак-Сай айылында 2022-жылдын 23-октябрь  күнү 10:00дө мектептин имаратында;

-Уч айылында 2022-жылдын 24-октябрь күнү 10:00дө  мектептин имаратында.

        5.  Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактын бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:

–   Караев Э.-  Жогорку айылы боюнча;

–   Муратов Т. –Аксылык айылы боюнча;

–   Абдукаимов М. -Чоң кыргызайылы боюнча;

–   Сапарова Г.- Аралайылы боюнча.

–   Матмусаева Н. -Мундуз айылы боюнча

–   Сайдакбаров М. -Төш айылы боюнча

–   Ажиматов М. – Ак- Мечит айылы боюнча

–   Шамшиева С. -Кундузчу айылы боюнча

–   Эгембердиев З-Ак-Сай айылы  боюнча

–   Сартбаев Т. -Уч айылы боюнча

             6. Жергиликтүү курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

Караев Эсен  – жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;

Маткулова Б. – жумушчу  топтун  мүчөсү, айылдык  кеңештин  депутаты;

Ажиматов М. – жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;

Матмусаева Н.- жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,педагог;

Сартбаев Т – жумушчу топтун мүчөсү. айылдык кеңештин депутаты;

Сыдыков Г. – жумушчу топтун мүчөсү, аксакалдар кенешинин мүчөсү;

Сыдыкова А. – жумушчу топтун мүчөсү, аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары;

Ажиматов О. – жумушчу  топтун мүчөсү, жаштар уюмунун төрагасы;

Султанов К. – жумушчу топтун мүчөсү, Чаңгыр-Таш айылынын айыл башчысы;

Салиев А.- жумушчу топтун мүчөсү, Арал айылынын айыл башчысы;

Жунусалиев А.-жумушчу топтун мүчөсү, Төш  айылынын айыл башчысы.

  • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Дарыя айылдык  кеңешинин жооптуу  катчысы Ч. Жантороевага милдеттендирилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Кара-Дарыя  айылдык кеңешинин төрөгасы:                           У. Абдыгапаров

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17