Аймак

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 12,328 Бардыгы /

                          №1 ТОКТОМ

                    16-ноябрь 2022-жыл                  Сакалды  айылы

“Сугат сууга болгон төлөмдөр жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жалал-Абад башкы суу башкармалыгынын 2022-жылдын 23-сентябрындагы №01-5-1/142 сандуу чыгыш каты менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХVIIсессиясы

токтом кылат:

           1. Жалал-Абад башкы суу башкармалыгынын 2022-жылдын 23-сентябрындагы №01-5-1/142 сандуу катына ылайык Сакалды айыл аймагындагы сугат суу пайдалануучулардын насыяларды кайтаруу боюнча ички чарбалык ирригация тармактарын калыбына келтирүү иштеринен 25%дык кайтарым көйгөйү тууралуу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.

          2. Сакалды айыл аймагынын “Таймөнгү” жана “Сакалды Суу” суу пайдалануучулардын ички чарбалык ирригация тармактарын калыбына келтирүү иштеринин 25%дык кайтарымы үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 400000(төрт жүз миң) сом акчалай каражат ажыратылсын.

          3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Төрага:                                                                А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                        №1 ТОКТОМ

       5-декабрь 2022-жыл                                 Сакалды  айылы

“Сакалды чек ара заставасынын жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин  ажыратып берүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги   маселени  угуп  жана  талкуулап  чыгып,                                   Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-декабрындагы “Жер  аймактарды трансформациялоо” жөнүндөгү № 12 токтомуна ылайык Сакалды  айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

токтом  кылат:

       1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы  №01-15/2151  сандуу катындагы  Кыргыз Республикасынын УКМК  ЧК  Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын №538 сандуу  кайрылуусу аткарууга алынсын.

        2. Сакалды чек ара заставасынын жаңы имаратын куруу үчүн Бөбүй  айылындагы №190 контурдан 1 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.

        3. Токтомдун  аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго  милдеттендирилсин.

       Төрага:                                                                А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                             №2 ТОКТОМ

               5-декабрь 2022-жыл                                 Сакалды  айылы

Сакалды айыл өкмөтүнүн  Өзбекстан Республикасы менен түздөн-түз чектешкен  участкаларындагы чек араны бекемдөө жөнүндө” 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,                                   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVIII сессиясы

токтом  кылат:

          1. Сакалды чек ара заставасынын зардалы Абдразаков Кылычтын кайрылуусу эске алынсын.

          2. Сакалды айыл өкмөтүнүн Өзбекстан Республикасы менен  түздөн-түз  чектешкен участкаларындагы чек араны бекемдөө үчүн жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 50 000 (элүү  миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде ажыратып  берүү жагы А.Осмоновго жүктөлсүн.

          3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:                                                                А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                                 №3 ТОКТОМ

               5-декабрь   2022-жыл                                 Сакалды  айылы

Жеке  менчик турак жайдын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө”

Күн  тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,                                   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XVIII сессиясы

 токтом кылат:

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Бөбүй айылынын С.Юсупов көчөсүнүн жашоочусу Юсупов Ураимжанга таандык 1200 кв.м. жеке менчик турак жайдын 380 кв.м максаттуу багытын өзгөртүп күйүүчү май сатуучу жай үчүн пайдаланууга уруксат берилсин. Ал эми калган 820 кв.м. турак жай боюнча калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго  милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                            №1 ТОКТОМ

               9-декабрь 2022-жыл                        Сакалды  айылы

“Мамлекеттик фонддун  КБФ  жерлерин Ноокен райондук агрардык  өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби  тууралуу” Типтүү Жобого  ылайык Сакалды  айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

токтом кылат:

       1. 2022-жылдын  9-сентябрындагы  №494 токтому менен бекитилген “Айыл  чарба жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлерин ижарага  берүү  шарттары  жана  тартиби  тууралуу” типтүү жобонун талаптарына ылайык Ноокен агрардык  өнүктүрүү башкармалыгынын тескөөсүнө Сакалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик  фондунун жерлеринен жалпы 374,2 га  жер  өткөрүлсүн.

       2. Ноокен агрардык өнүктүрүү башкармалыгына  бөлүнгөн жердин 1 гектар   үчүн баштапкы баасы 1  гектар үлүштүк жердин жер салыгынын баасын 30 эсе  көбөйтүү жолу менен эсептелип, башкача айтканда 1 га=472 сом х 30 эсе = 14 160 (он  төрт  мин  бир  жүз  алтымыш) сом  болуп бекитилсин .

       3. Токтомтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.

                  Төрага:                                                             А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                    №2 ТОКТОМ

               9-декабрь 2022-жыл                        Сакалды  айылы

“Мамлекеттик фонддун КБФ жерлерин ижарага берүү  жөнүндө”

Күн  тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби  тууралуу” типтүү жобого ылайык Сакалды  айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XIX сессиясы

токтом кылат:

1. 2022-жылдын  9-сентябрындагы №494 токтому  менен  бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана  тартиби тууралуу” типтүү жобонун талаптарына ылайык Сакалды айыл өкмөтүнүн  мамлекеттик  фондунун  жалпы 710 га жердин белгилүү бир бөлүгү Ноокен  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөндөн кийин Сакалды айыл  өкмөтүнүн тескөөсүндө 382,8 жер  калгандыгы  белгиленсин.

2. Сакалды айыл өкмөтүндөгү 1 га КБФнун жери үчүн ижара акынын аукциондогу  коюлуучу  баштапкы баасы 10 000 (он  миң) сом болуп  бекитилсин. Ал эми аукциондогу ар бир кадам 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Осмоновго жүктөлсүн.

Төрага:                                                             А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                               №3 ТОКТОМ

               9-декабрь 2022-жыл                        Сакалды  айылы

“Комиссия  түзүү жөнүндө”

Күн  тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик  фондунун жерлерин ижарага  берүү  шарттары  жана  тартиби  тууралуу” типтүү жобого ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XIX сессиясы

токтом кылат:

1.2007-жылдын 22-июнундагы  № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана  тартиби тууралуу” типтүү жобого ылайык Сакалды айыл өкмөтүндөгү айыл чарба  жерлерин КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы  төмөнкүдөй  курамда түзүлсүн:

– М.Назирбаев –айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;

– Н.Алымкулова –айыл  өкмөттүн жооптуу  катчысы, комиссиянын  катчысы.

Мүчөлөрү:

– М. Жунусов-айылдык  кеңештин депутаты;

– Ү.Шерматов  -айылдык  кеңештин  депутаты;

– Б.Ибирагимова –айылдык  кеңештин  депутаты;

– Ж.Абишов – айылдык  кеңештин  депутаты;

– С.Ажиматов –айылдык  кеңештин  депутаты;

– М.Исмаилов –айылдык  кеңештин депутаты;

– А.Осмонов –айыл  өкмөт башчысы;

– Э.Исмаилов –айыл  өкмөт башчысынын орун  басары;

– С.Мураталиев –  аксакалдар кеңешинин төрагасы;

– И.Исмаилов- Кагазды айылынын  айыл  башчысы;

–  М.Турдалиев Аримжан  айылынын айыл  башчысы;

– Э.Субанов –Чон-Багыш  айылынын  айыл башчысы;

– М.Айталиев –Чек айылынын  айыл  башчысы;

– А.Кулматов –Бөбүй  айылынын  айыл бапшчысы;

– Н.Максутов –Кыргызстан  айылынын  айыл  башчысы.

2. Жер  комиссисынын  курамына  иш регламентин  иштееп  чыгып,  кароого  киргизүү  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жер боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага:                                                             А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

                                                 №4 ТОКТОМ

               9-декабрь 2022-жыл                        Сакалды  айылы

“Сакалды  айылы Сакалды айыл өкмөтүндөгү орто мектептерге, китепканаларга электр тогун жана  интернет зымдарын тартып  берүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,                                   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XIV сессиясы  

токтом  кылат:

         1.Ноокен райондук  мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 2-декабрындагы №01-17/2202 каты аткарууга алынсын.

         2. Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан  каржыланып жаткан  “Келечек үчүн  билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинин проектисинин негизинде Сакалды айыл өкмөтүндөгү 3 (үч)  атайын орто мектепке компьютер, проектор, принтер, доска алынып келинип жаткандыгына байланыштуу электр тогун  жана интернет зымдарын тартып, орнотуп  берүү максатында жергиликтүү бюджетин эсебинен 400 000 (төрт жүз миң)  сом  акча  каражаты  мыйзам  чегинде    ажыратылып  берилсин.

         3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана экономика боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага:                                                             А.Нишанбаев

—————————————————————————————-

№5 ТОКТОМ

9-декабрь   2022-жыл                                                  Сакалды  айылы

                                       “Мүлк  салыгын  киргизүү  жөнүндө”

Күн  тартибиндеги   маселени  угуп  жана  талкуулап  чыгып,    2022-жылдын   18 –январындагы  №4 “Кыргыз  Республикасынын  Салык  Кодексинин   колдонууга  киргизүү  жөнүндө”  мыйзамынын  3-беренесининин                                       2-пунктунун  негизинде Сакалды  айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги   XIX сессиясы  токтом  кылат:

         1. 2022-жылдын   18 –январындагы  №4 “Кыргыз  Республикасынын  Салык  Кодексинин   колдонууга  киргизүү  жөнүндө”  мыйзамынын  3-беренесининин   2-пунктунун  негизинде    2023-жылдын  1-январынан  тартып  Сакалды  айыл  аймагындагы  Кыргыз  Республикасынын  Салык  Кодексинин  13-бөлүмүндө көсөтүлгөн  мүлк  салыктары  киргизилсин.

        2.Жогорудагы  маселени   аткаруу айыл  өкмөт башчысы  А.Осмоновго, финансы-экономика бөлүмүн башчысы  А.Турганбаевага  жүктөлсүн.     

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөөнү  бюджет  жана  экономика боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага:                                А.Нишанбаев                                                                     

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17