Аймак

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой чарбасы токой аянттарын ижарага берүү боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 3,729 Бардыгы /

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой кызматынын жетекчилиги КР Өкмөтүнүн 10.04.2018-жылдагы №192 токтомун ишке ашыруу максатында токой кызматынын айдоо жерлерди, сай жээгиндеги жерлерди, жаңгак токой аянттарын ижарага берүү боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кара-Үнкүр токой бөлүмү боюнча: Көк-Мурун, Ак-Турпак, Ыдык.

Квартал: 29-41, 42-53, 55-59, 20, 23-28, 40.

Когой токой бөлүмү боюнча: Арпа токту, Түлөберди, Киндик -Дөбө, Когой, Сары-Таш, Суу-Бербес. Квартал: 53-63,18-28, 34-37, 41, 42, 48.

Жаз-Кечүү токой бөлүмү боюнча: Карагул, Көк-Булак, Пычан-Жай, Жаз-Кечүү, Мотон-Кол, Кара-Кыя. Квартал: 23, 30-32, 62, 68, 55, 69, 70, 52, 53, 61, 67, 47-50, 60, 54.

Көк-Алма токой бөлүмү боюнча: Мазар, Коргон-Жар, Көк-Алма.

Квартал: 1-6, 7-14.

Сынак 2020-жылдын 1- апрелинен баштап 30-декабрына чейин белгиленген иштөө графигине ылайык жүргүзүлөт.

Сынакка анын иштөө шартына ылайык төмөнкү иш кагаздары талап кылынат:

-Токой кызматынын директорунун атына жазылган арыз, анкета жана сунуш каты талап кылынат;

-Паспортунун көчүрмөсү, жашаган жеринен тактама.

Бир токой аянтына экиден кем эмес жарандар тийиштүү иш кагаздарын тапшыргандан кийин белгиленген тартипте сынакка катыша алат. Сынак Кызыл-Үнкүр токой кызматынын кеңсесинде жүргүзүлөт.

Байланыш телефондор: 0(777) 41-25-52, 0(777) 33-93-43, 0(778) 32-64-61, 0(772) 80-44-29.

Токой кызматынын жетекчилиги

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17