Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 1,263 Бардыгы /

                                                   ТОКТОМ №1

                     7-декабрь 2020-жыл                   Сакалды айылы

                 “Жергиликтүү бюджетке ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндө”                                                   Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XХХV сессиясы                  

                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн каржы экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын жергиликтүү бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳгү маалыматы эске алынсын.
  2. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3111 жана 2215- беренелеринен жыл ичинде үнѳмдѳлгѳн каражат айыл ѳкмѳттүн имаратына жана бала бакчаларга керектелүүчү эмеректерди сатып алууга уруксат берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетине, тѳрайымы Н.Юсуповага тапшырылсын.

                Тѳрага:                                             Д.Бекназаров

————————————————————————————————

                                              ТОКТОМ №2

                     7-декабрь 2020-жыл                   Сакалды айылы

“Жеке менчик имараттын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө”                                                  

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине КРдин “Жер кодексинин” 13 б негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХХV  сессиясы

                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу жаран Курбанов Даниярга таандык  Аримжан айылынын мурдагы Ленин азыркы Маданбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан АТСтин имаратынын ээлеген 0,08 га жер аянты менен максаттуу багытын өзгөртүп, турак жай үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
  2. Бул маселе боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдап берүү Ноокен райондук жер мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Масировго жүктөлсүн.

Тѳрага:                                               Д.Бекназаров

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17