Аймак

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын №2 токтому

 1,419 Бардыгы /

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                   Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга  карата     

                   жергиликтүү бюджетин  бекитүү  жөнүндө                                                                                

           Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVII  сессиясы токтом кылат:

       1.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн  каржы экономика  бөлүм башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.

       2.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата  түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин  бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 29 909,7 сом өлчөмүндө  жана  чыгашаларынын   бөлүгү №2  ылайык 29 909,7 сом өлчөмүндө бекитилсин.(тиркелет )

     3.Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыгы 9274412,86 сом өлчөмүндө бекитилсин.

     4. Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 190500 сом өлчөмүндө№ 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркелет)

    5.«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союздарына жана Ассоциацияларына мүчөлүк акылар» аттуу банктык эсепке Сакалды айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша,1 кишиге 1 сомдон төлөнүүчү акы 17421 сомду түзөт деп бекитилсин

          6. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фонду 2824 ст ылайык 150,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

        7. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2021-2022-2023-жылдарга карата  жергиликтүү бюджетинин  долбоору №4 тиркемеге ылайык  бекитилсин.(тиркелет)

     8.Жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана  финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн  негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү  киргизүү боюнча сунуштарды кеӊештин кароосуна коюуну камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Ш.Масировго жүктөлсүн.

     9.Жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин түшүүсүнө карата өзгөрүүлөр айылдык кеӊеште каралгандан соӊ Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен  өзгөртүп,түзөтүүлөрдү киргизүүгө уруксат суралсын.

   10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетине жана аталган комитеттин төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.

Айылдык кеӊештин төрагасы                                                 Д.Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №1 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                   Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  карата бекитилген    

                   жергиликтүү бюджетин  аткарылышы  жөнүндө                                                                                

              Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVII  сессиясы токтом кылат:

              1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн  каржы экономика  бөлүм башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.

            2.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.

         3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетине жана аталган комитеттин            төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.

Айылдык кеӊештин төрагасы                                                 Д.Бекназаров

                                          Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII          

                                          чакырылышынын кезектеги  XXXVII сессиясынын   

                                          №2 токтомуна №1 тиркеме

Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү

Классифи кациясыАталышыБардыгыКвартал боюнча
1-квартал2-квартал3-квартал4-квартал
1111100Киреше салыгы5724,61144,91488,41499,81591,5
11122100Милдеттүү патент50,013,013,012,511,5
11122200Ыктыярдуу патент571,0130,8139,9145,6154,7
11311200Мүлк салыгы70,019,314,814,621,3
11312100Транспорт салыгы1300,0165,1211,9923,00,0
11321100Там арка жер салыгы266,460,264,2142,00,0
11321200Айыл чарба багытындагы жер салыгы1747,6316,3365,2396,7669,4
11321300Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы460,0105,8110,4115,0128,8
11412100Сатуудан алынуучу салык0,00,0   
14152600Кайра бөлүштүрүү жер ижара акысы1885,0226,2312,9395,9950,0
14152200Жайыттын ижара акысы65,05,56,712,140,7
14151200Лицензия акысы56,09,111,415,120,4
14211900Башка мүлктөрдүн ижара акысы130,013,039,037,040,7
 Бардык салыктар жана жыйымдар12 325,62 209,22 777,83 709,63629,0
 Атайын каражат4670,0887,31060,11260,91461,7
133111200Теңдөөчү грант12914,13228,53228,53228,63228,5
 Бардык киреше 29909,76325,07066,48199,18319,2
 Бюджет25239,75437,76006,36938,26857,5

Бѳлүм башчы                                                                         А.Турганбаева

                                                           Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII          

                                                          чакырылышынын кезектеги  XXXVII сессиясынын   

                                                         №2 токтомуна №2 тиркеме

Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгү

Классифи кациясыАталышыБардыгыКвартал боюнча
1-квартал2-квартал3-квартал4-квартал
701Аппарат9012,42234,12306,722742197,6
704Жайыт65,0  32,532,5
706ЖКХ6195,7751,31548,91738,22157,3
708Маданият2290,7573,8572,5571573,4
709Билим берүү7675,91878,51578,22322,51896,7
 Атайын каражат4670,0887,31060,11260,91461,7
 Бардыгы29 909,7  6325,07066,48199,18319,2

Бѳлүм башчы                                                                                     А.Турганбаева

                                                     Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII          

                                                    чакырылышынын кезектеги  XXXVII сессиясынын   

                                                    №2 токтомуна №3 тиркеме

Сакалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата  өткөн калдыктын суммасынын расшифровкасы

Аталышысанысуммафакт
 Оборот касса 190500 
 ЖКХХ таштанды куруу 140000 
 Ашкана үчүн инвентарь сатып алуу 100000 
 Бирдиктүү терезе үчүн 150000 
 Жалпы    
 Сакалды ооруукана 200000 
 Айылдарга стелла орнотуу 143992 
 Сакалды айылы    
 Садовая көчөсүнө траверс 120000 
 Садовая   көчөсүнө асфальт төшөө 350000 
 Сакалды клубдун курулушу 908145 
 Сельхозхимия көчөсүнө мамы,траверс 120000 
 Сельхозхимия көчөсүнөэлектр линия 62500 
 Сакалды айылына жарыктандыруу 110000 
 Ветсервиске 40000 
 Арзыкулов көчөсүнө шагал төшөө 50000 
 Жылдыз балдар бакчасына аристон 34000 
 Юсупов көчөсүнө электр мамы 60000 
 №48 орто мектептин көмүрканасына 100000 
 Назик балдар бакчасына 50000 
 Баян көчөсүнө тротуар 120000 
 Юсупов көчөсүнө жарыктандыруу 90000 
 Октябрь көчөсүнүн электр мамыларын алмаштыруу 70000 
 Матсаков көчөсүнө электр мамы 70000 
 Арзыкулов көчөсүнө электр мамы 50000 
 Кормоцех көчөсүнө жарыктандыруу   
 Садовая көчөсүндөгү трансформатор 40000 
 Кормоцех айылынын тротуары 100000 
 Кормоцех айылынын жолдоруна шагал төшөө 100000 
 Кормоцех КТП шагал жолдоруна өздүк салым 330000 
 Чарбак2 столба ,жарыктандыруу 430000 
 Чон-Багыш айылынын Сакалды көчөсүнө шагал 120000 
 Примкулов көчөсүнө подстанция орнотуу 200000 
 Биримдик көчөсүнө электр мамы 20даана120000 
 Таза суу үчүн 50000 
 Биримдик көчөсүнө зым900м22500 
 Чон-Багыш көчөсүнө линия1000м25000 
 №12 орто мектептин жолуна шагал төгүү 50000 
 Бала бакчанын ремонту 40000 
 №12 орто мектептин айланасын тосмолоо 50000 
 подстанция46г180000 
 Шагал кошумча 40000 
 Электр мамы 90000 
 Бөбүй таза суу 1000000 
 Бөбүй айылына электр мамы ,траверс15/15д236000 
 Пасмаалага шагал төшөө 50000 
 Кыргызстан мазарына 40000 
 Кыргызстан электр мамы,траверс,жарыктандыруу10д,232000 
 Кыргызстан айылынын ички көчөсүнө шагал3500м87500 
 Кыргызстан арканы ремонттоо 200000 
 Нурайым бала бакчасына беседка 200000 
 Чек айылына беседка 80000 
 Сай-Бою беседка 120000 
 Чек айылына газон салуу7,04м35000 
 Электр мамы,траверс24д,30д144000 
 Чек айылына электр мамы,насос10д286000 
 Сай-Бою айылына шагал 80000 
 Сай-Бою айылына электр мамы,траверс30д,30д344500 
 Статус алууга 85000 
 Сай-Бою 366000 
 Шагал тогуу 50000 
 Кагазды айылына газон салуу 6775,86 
 Бардыгы : 9274412,86 

Бѳлүм башчы                                                                                       А.Турганбаева

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №3 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                   Сакалды айыл өкмөтүнүн жарандарын сыйлоо  жөнүндө   

              Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVII  сессиясы токтом кылат:

            1.Сакалды айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана 2020-жыл ичинде өлкөдөгү санитардык эпидемиологиялык кырдаал учурунда көрсөткөн активдүүлүгү үчүн жылдын жыйынтыгы менен сыйлоого сунушталган жарандардын тизмеси жактырылсын.

        2. Төмөнкү жарандарга ”Сакалды айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” сыйлыгы ыйгарылсын:

-Матсаков Чолпонбай Токтосунович-Кормоцех айылынын жашоочусу;

-Маманов Марат Мамитович –Сай-Бою айылынын жашоочусу;

– Өскөнбаев Жоомарт Жанышбекович-Аримжан айылынын жашоочусу;

-Мурашев Дилшатбек Мурпазылжанович -Кыргызстан айылынын жашоочусу ;

– Амракулов Мавлян Номанович –Сакалды айылынын жашоочусу ;

Мамашев Турсуналы –Чоң-Багыш айылынын жашоочусу;

– Бекжигитов Руслан Жолдошович Кыргызстан айылынын жашоочусу ;

-Гапаров Арстанбек Казакович-Чек айылынын жашоочусу;

-Аманбаев Раимжан- Какулович-Бөбүй айылынын жашоочусу ;

 -Мадаминов Байбатыр Исламович-Кыргызстан айылынын жашоочусу ;

-Нишанбаев Авазбек Токтогулович-Кагазды айылынын жашоочусу;

-Эгембердиева Гульзада Ураимжановна-Сакалды оорууканасынын дарыгери;

         2.Сакалды айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы ыйгарылсын:

-Зулпиева Айчүрөк Артыкбаевна-Аримжан айылы;

-Тилебалдиева Санталат Мыктаровна –айылдык кеңештин депутаты:

-Абдувалиева Махпуза Гапуровна -Сакалды айылы;

-Исакова Арзыкан-Чоң-Багыш айылы;

– Оморов Гайрат-Чоң-Багыш;

-Жураев Ахрамжан Икрамжанович-Чек айылынын жашоочусу;

– Орозалиев Маматкасым Исманович-  -Кыргызстан айылы;

Шарипов белек Талайбекович-Сакалды айыл өкмөтүнүн адиси;

– -Ибирагимова Бурул Темировна  -Бөбүй айылы;

-Зупаров Акылбек Курбаналиевич –Бөбүй айылы;

-Дадажанов Мурадил Анварович-Сакалды айыл өкмөтүнүн адиси;

-Маматова Бурмаим Абыловна-Кагазды айылынын жашоочусу;

-Маткаримов Иззатбек Саипович –Чоң-Багыш айылынын тургун;

-Токтосунов Турдукул Маралович-Кагазды айылынын жашоочусу;

-Маматкулов Абдикадир –Сай-Бою айылынын жашоочусу;

-Тешебаева Иноятхон-Сай-Бою айылынын жашоочусу;

-Саякбаева Гульнура  Маматкуловна – медицина кызматкери;

-Ермеков Элбек Абдухалилович-айыл өкмөттүн мал чарба адиси;

       3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нишанбаевге тапшырылсын.

Айылдык кеӊештин төрагасы                                                 Д.Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  № 4 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                                 А.Арабова ,М.Орунбаева   жөнүндө                                                                          

              Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVII  сессиясы токтом кылат:

      1.Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочулары Арабова Асалкындын 2021-жылдын 25-январындагы А-25 сандуу  ,жаран Орунбаева Манзурахондун 2021-жылдын 19-январындагы О-20 сандуу арыздары канааттандырылсын.

    2.Арабова Айсалкындын жана  Орунбаева Манзурахондун ден соолугунун оор абалда экендигин эске алып,алардын ден соолугун чыңдоо максатында айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин “2721 Аппарат” статьясынан  10000(он миң) сомдон каражат  ар бирине акчалай каражат жардам иретинде ажыратылсын.

   3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.

Айылдык кеӊештин төрагасы                                                 Д.Бекназаров                                               

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №5 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                             Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө

          Күн тартибиндеги  маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы №499 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук Архив фонду жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында   Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз  XXXVIII  сессиясы токтом кылат:

         1.Сакалды айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык документтерди сактоо,алардын эсебин алуу,иретке келтирүү жана пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик сактоого өткөрүүгө даярдоо үчүн атайын архив бөлмөсү талапка ылайык абалда кармалсын(жарыкты тосмолоо,жылуулук,температуралык нымдуулук режимин жөнгө салуучу прибор,өрткө каршы шайман,терезени карангылатуу ж.б)

       2.Айыл өкмөттүн штаттык курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому менен айыл өкмөттүн типтүү түзүмүндө архивариус бирдиги каралбаганына байланыштуу айыл өкмөттүн архивариус милдети кошумча милдет катары айыл өкмөттүн адистеринин бирине жүктөлсүн.Бул жумуштарга жумуш акы жана архивдин зарыл чыгымдары мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каржылансын.

      3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Масировго жүктөлсүн.

Айылдык кеӊештин төрагасы                                                Д.Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №6 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                             Айыл өкмөттүн менчигиндеги техникалардын

                             ижара    акысы жөнүндө

          Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVIII  сессиясы токтом кылат:

         1. Сакалды айыл өкмөтүнүн балансындагы Белорус 892,2 тракторунун 2019,2020,2021-жылдар үчүн төлөнбөй калган ижара акынын жалпы суммасы 290000сомду түзгөндүгү белгиленсин.Бул сумманы 2021-жылдын 13-февралына чейин төгүп, төлөм жүргүзүлгөндүгү  боюнча тийиштүү документти айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнө тапшыруу ижарачы УШерматовго милдеттендирилсин.

        2. Техникага тиешелүү төлөмдөрдү толугу менен төлөп бүтүргөндөн кийин Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин курамы боюнча маселе кароого коюлсун.

       3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нишанбаевге жүктөлсүн.

 Айылдык  кеңештин  төрагасы                                              Д. Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №7 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                        Футбол аянчанын ижара акысын бекитүү жөнүндө                           

          Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVIII  сессиясы токтом кылат:

  1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Аримжан участкасындагы футбол

аянтчанын ижара акысы айына 5000сом болуп бекитилсин.

  • Бул боюнча айыл өкмөт менен ижарачынын ортосунда эки

тараптуу келишим түзүлүп,аткаруусу камсыздалсын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы

жана экономика боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.

Айылдык  кеңештин  төрагасы                                              Д. Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  №8 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                               Шайлоо округдарын бекитүү жөнүндө                           

          Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,  “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-11-беренелерине  негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVIII  сессиясы токтом кылат:

         1.2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоого карата   Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо округдары жана мандаттар төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:

        1) №1Аримжан шайлоо округу -4(төрт) мандат менен №2185 Аримжан,№2184 Кагазды шайлоо участкаларынын чек араларын камтыйт;

        2) №2 Сакалды шайлоо округу -5(беш) мандат менен №2185 Сакалды,№2444 Кормоцех шайлоо участкаларынын чек араларын камтыйт;

        3) №3 Кыргызстан шайлоо округу 6(алты) мандат менен №2186 Кыргызстан,№2410 Сай-Бою  шайлоо участкаларын камтыйт;

        4) № 4 Чоң-Багыш шайлоо округу 6 (алты ) мандат менен №2187 Чоң-Багыш,№2188 Бөбүй шайлоо участкаларын камтыйт;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин

мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А.Нишанбаевге  жүктөлсүн.

Айылдык  кеңештин  төрагасы                                              Д. Бекназаров

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ            КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ               КЕНЕШ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги

XXXVII сессиясынын  № 9 токтому

8-февраль 2021-жыл                                                                    Сакалды айылы

                          Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине

                          сунушталган талапкерлердин  тизмесин  бекитүү жөнүндө                           

          Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,  “ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамынын 5-гл 5-б ылайык   Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXXVIII  сессиясы токтом кылат:

        1.Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2185 Сакалды,№2410 Сай-Бою,№2444 Кагазды  участкалык шайлоо комиссияларына киргизилген өзгөртүүлөр жана резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

        2.Участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча маалымат Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

      3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.

        Айылдык кеңештин төрагасы                                    Д.Бекназаров

                                                    Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII          

                                                    чакырылышынын кезектеги  XXXVII сессиясынын   

                                                    №2 токтомуна №4 тиркеме

Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2021-2022-2023-жылдарга карата  жергиликтүү бюджетинин  долбоору

Кирешелердин аттары2021-жылдын бюджети2022-жылдын бюджети2023-жылдын бюджети
Киреше салыгы иштетүүчүлѳрдѳн алынуучу (подоход)5 724,66 051,06 311,0
Милдеттүү патент50,050,050,0
Ыктыярдуу салык571,0571,0571,0
Мүлк салыгы70,070,070,0
Транспорт салыгы1 300,01 300,01 300,0
Там арка жер салыгы266,4266,4266,4
Айыл чарба жер салыгы1 747,61 747,61 747,6
Айыл чарба эмес жер салыгы460,0460,0460,0
Сатуудан алынуучу салык0,00,00,0
Жалпы салыктар10 189,610 516,010 776,0
Лицензиядан алынуучу тѳлѳм56,056,056,0
Жайыт аренда акысы65,065,065,0
КБЖФ аренда акысы1 885,01 885,01 885,0
Муниципалдык менчиктен түшкѳн каражат130,0130,0130,0
Административдик штраф   
Жалпы салык эмес жыйымдар2 136,02 136,02 136,0
Актив жана милдеттенмелер   
Айыл чарба багытындагы эмес жер сатуу   
Жыйынтыгы жалпы бюджеттик киреше   
Жалпы салыктан түшкѳн кирешелер:12 325,612 652,012 912,0
Атайын каражат4 670,04 670,04 670,0
Жалпы кирешелер16 995,617 322,017 582,0
                    Теңдѳѳчү грант12 914,112 968,913 277,9

Бѳлүм башчы                                                                                              А.Турганбаева

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17