Аймак

Сакалды айылдык кеӊешинин токтому

 2,064 Бардыгы /

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ  АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ          КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ САКАЛДИНСКОГО  АЙЫЛНОГО  АЙМАКА

            Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги                         

                              IV   сессиясынын  № 3 Токтому

12-июль   2021-жыл                                                           Сакалды айылы

                       Жарандардын  арыздарын  кароо    жѳнүндѳ

        Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын                31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги     IV   сессиясы  токтом кылат:

  1. Сакалды  айыл  ѳкмѳтүнүн  төмөндөгү  жашоо  шарты  начар,      ден-соолугунун   мүмкүнчүлүгү  чектелген   жарандарына  айыл  өкмөттүн  жергиликтүү  бюжетинин  эсебинен   материалдык  жардам  көрсөтүлсүн:
  2. Бакышов  Нурбек Турдалиевичке            10 000 ( он миң)  сом;
  3. Ганиева Рахила Жолдошова                      5 000 ( бен миң) сом;
  4. Холмирзаев  Уктомжан Усмонжановичке 10 000 (он миң) сом.
  5. Жогоруда  аталган  акча  каражатты  тишелүү  булактардан  ажыратып  берилишин  камсыздоо Сакалды  айыл  өкмөт  башчысы  А.Осмоновго милдеттендирилсин.

     3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Тѳрага                                                                                     А.Нишанбаев

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ  АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ          КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ САКАЛДИНСКОГО  АЙЫЛНОГО  АЙМАКА

            Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги                         

                              IV   сессиясынын  № 2 Токтому

12-июль   2021-жыл                                                           Сакалды айылы

            Муниципалдык менчиктеги  техниканын  ижара акысынын 

           тарифтик келишимин  түзүү жөнүндө                                                  

         Күн тартибиндеги маселени угуп  жана талкуулап чыгып,   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын   мыйзамыны 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги   IV   сессиясы  токтом кылат:

       1. Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги АРИСТИН демөөрчүлүгү менен сатылып алынган пресс таңгактоочу шаймандары менен Белорус   тракторунун  2021-жыл  үчүн ижара акысы 150 000 (бир жүз  элүү)  миң сом ѳлчѳмүндѳ   бекитилсин.

       2. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн сумма ижарачы тарабынан бекитилген мөөнөткө төлөнүп берилиши камсыздалсын .

     3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго  милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                    А.Нишанбаев

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ  АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ          КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ САКАЛДИНСКОГО  АЙЫЛНОГО  АЙМАКА

            Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги                         

                              IV   сессиясынын  № 4 Токтому

12-июль   2021-жыл                                                           Сакалды айылы

            Жергиликтүү   бюджетке  өзгөртүү  киргизүү   жөнүндө                                                  

         Күн тартибиндеги маселени угуп  жана талкуулап чыгып,   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын   мыйзамыны 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги   IV   сессиясы  токтом кылат:

         1.Сакалды  айылдык  кенештин   депутаты Д.Мурашевдин   жергиликтүү бюджетке  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндөгү  маалыматы  эске  алынсын.

         2. Суугат  суу  тартыштыгына байланыштуу ,  эгиндерге  суу  жеткирип  берүү  жана Кыргызстан ,Чек айылдарын сугат суу менен камсыздаган  скважиналарды жүргүзүү максатында    Сакалды  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюжетинен   Чек  айылына  газон  куруу  үчүн  ажыратылган     350  000 ( үч  жүз элүү) миң  сом акча  каражатын  толугу менен жана “Нурайым”  бала  бакчасына  беседка  куруу  үчүн    ажыратылган 200 000 (эки жүз)  миң  сом акча  каражаты толугу менен жалпысы 550000(беш жүз элүү)миң сом каражат   сугат суу скважиналарына   насос жана  керектелүүчү  шаймандарды  сатып  алуу үчүн которулсун;

          – Сакалды  айыл  аймагындагы  Кормоцех  айылындагы №152 скважинасына эсептегич    жана  шит алып  берүү максатында М.Арзыкулов кѳчѳсүнѳ шагал тѳшѳѳ үчүн ажыратылган каражаттан 8000(сегиз миң) сом акча каражаты которулсун;

          -Сакалды айылындагы Т.Бакыш кѳчѳсүндѳгү сугат суу скважинаны оңдоп түзѳтүү үчүн 25000( жыйырма беш) сом каражат Т.Бакыш көчөсүнө тротуар салуу үчүн  каралган каражаттын эсебинен ажыратылып берилсин;

       3.  Токтомдун  аткарылышын  камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысы А.Осмоновго ал эми аткарылышын көзөмөлгө  алуу   Сакалды  айылдык  кенешинин  бюджет  жана  экономика  боюнча  туруктуу  комитетинин  төрагасы  Ш.Масировго  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                    А.Нишанбаев

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ  АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ          КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ САКАЛДИНСКОГО  АЙЫЛНОГО  АЙМАКА

            Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги                         

                              IV   сессиясынын  № 5 Токтому

12-июль   2021-жыл                                                           Сакалды айылы

         Жергиликтүү   бюджеттин кирешелер долбоорун бекитүү   жөнүндө                                                  

         Күн тартибиндеги маселени угуп  жана талкуулап чыгып,   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын   мыйзамыны 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги   IV   сессиясы  токтом кылат:

      1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин долбоору жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳттүн каржы бѳлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.

      2. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

    3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу   Сакалды  айылдык  кенешинин  бюджет  жана  экономика  боюнча  туруктуу  комитетинин  төрагасы  Ш.Масировго  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                    А.Нишанбаев

Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин долбоору

к/№Кирешелердин аталышы2022-жылдын бюджети2023-жылдын  бюджети2024-жылдын бюджети
 Иштетүүчүлөрдөн  алынуучу  киреше  салыгы (подоход)5800,65900,06000,0
 Бирдиктүү  салык   
 Ыктыярдуу салык571,0571,0571,0
 Милдеттүү патент   
 Мүлк  салыгы70,070,070,0
 Транспорт  салыгы1200,01300,01300,0
 Там  арка  жер  салыгы266,4266,4266,4
 Айыл  чарба  жер  салыгы (бак, дарак, жайыт)1747,61747,61747,6
 Айыл  чарба  эмес жер салыгы460,0460,0460,0
 Сатуудан  алынуучу  салык   
 Жалпы  салыктар10115,610315,010415,0
 Лицензиядан  алынуучу төлөм40,040,040,0
 Жайыт  аренда  акысы65.065,070,0
 КБЖФ   аренда  акысы1885,02000,02000,0
 Мамлекеттик пошлина   
 Муниципалдык  менчиктен  түшкөн130,0130,0130,0
 Жалпы  салык  эмес  жыйындар2120,02235,02235,0
 Актив  жана  милдеттенмелер   
 Айыл  чарба багытында  эмес  жер  сатуу   
 Жыйынтыгы жалпы  бюжеттик   киреше   
 Атайын  каражат4670,04670,04670,0
 Жалпы  кирешелер4670,04670,04670,0
 Бардык  кирешелер16905,617220,017325,0
 Теңдөөчү  грант   
 Жалпы сумма   

ФЭП  башчысы                                                                                                       А.Турганбаева

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ НООКЕН РАЙОНУ САКАЛДЫ  АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ          КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ НООКЕНСКИЙ РАЙОН САКАЛДИНСКИЙ АЙИЛЬНЫЙ КЕНЕШ САКАЛДИНСКОГО  АЙЫЛНОГО  АЙМАКА

            Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги                         

                              IV   сессиясынын  № 1 Токтому

12-июль   2021-жыл                                                           Сакалды айылы

         Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы Н   бекитүү   жөнүндө  

                                               

         Күн тартибиндеги маселени угуп  жана талкуулап чыгып,   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын   мыйзамыны 31-беренесине негиз  Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги   IV   сессиясы  токтом кылат:

         1.Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын              Уставын   бекитүү   жөнүндөгү   Сакалды  айылдык  кенешинин  депутаты М.Абдувалиеванын  сунушу  эске  алынсын.  

         2.Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын              Уставы   бекитилсин.

        3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  мыйзам  жана  укук боюнча  туруктуу  комитетинин төрагасы  А.Мамашовго  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                           А.Нишанбаев                                           

                                                    Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII   

                                                    чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 

                                                    № 1 токтому менен бекитилди

                                                    тѳрага_______________А.Нишанбаев

Жалал-Абад  областынын

Ноокен  районунун

Сакалды айылдык аймагынын

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы

Сакалды айылы 2021- ж.

____________________________________

(калктуу конуштун аталышы)

I.Жалпы жоболор

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун толук аталышы:
  2. мамлекеттик тилде: Жалал-Абад  областынын, Ноокен  районунун, Сакалды  айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы»;
  3. расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» Сакалдинского  айыльного аймака Ноокенского района Жалал-Абадской  области.
  4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:
  5. мамлекеттик тилде: Сакалды   айылдык аймагынын КАИА;
  6. расмий тилде: ИАСС Сакалдинского айыльного аймака.
  7. Сакалды  айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад  областы, Ноокен  району, Сакалды  айылы, Ш.Моложанов ,көчөсү  №47 .
  8. КАИА өз ишмердүүлүгүн  Сакалды   айылдык аймагында жүргүзөт.
  9. КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
  10. КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
  11. КАИАюридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болуп саналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын/Жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеӊеште катталат.

II. КАИАнынмаксаттары жана иш-милдеттери.

  • КАИАнын түзүлүү максаттары:

– социалдыкэкономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

– кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

– калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.

  • КАИАнын иш-милдеттери:
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктайт;
  • Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын, жылдык жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана жаштардын өнүгүү планын иштеп чыгуу;
  • КАИАтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;
  • Өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоо;
  • Айылдык кеӊештин жергиликтүү маселелерди талкуулоосуна катышууга;
  • Делегаттардын Конференциясынын/Жалпы чогулуштун жана айылдык чогулуштардын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзө алат.

III. КАИАнынукуктары жана жоопкерчилиги.

  1. Тиешелүүжергиликтүү кеӊеш жана аткаруучу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
  2. КАИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга;
  3. КАИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ;
  4. КАИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар КАИАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
  5. КАИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

IV.КАИАнын башкаруу органдары.

  1. КАИАнын башкаруу органдары:
  2. Жогоркуорган– делегаттардын Конференциясы/Жалпы чогулушу;
  3. Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
  4. Көзөмөлдөөчү орган – ревизиондук комиссиясы.

V. КАИАнын мүчөлөрү жанаалардын укуктары.

  1. КАИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, КАИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам КАИАнын мүчөсү болот;
  2. КАИАнын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
  3. КАИА мүчөлөрү добуш берүү укугу менен КАИАтин делегаттарынын Конференциясына/Жалпы чогулушка катышууга укуктуу;
  4. КАИА мүчөлөрү КАИАтин бардык отурумдарынын жана жыйналыштарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу жана КАИАтин бардык жыйналыштарына жана КАИАтин айрым маселелери боюнча коомдук угууларга катышууга, ошондой эле КАИАтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
  5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткаруу.

VI. КАИАнынделегаттарынын Конференциясы/Жалпы чогулушу.

  • Делегаттардын Конференциясы (мындан ары Конференция)/Жалпы чогулуш жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция/Жалпы чогулуш КАИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
  • Кезексиз Конференция/Жалпы чогулуш КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же ревизиондук комиссиянын өтүнүчү боюнча же КАИАнын мγчѳлѳрγнγн 25 %нын демилгеси менен чакырылат;
  • Конференцияны/Жалпы чогулушту өткөрүү үчүн ар бир айылдан делегаттардын 2/3 катышкан кворумдун болушу талап кылынат. Кворум жок болгон учурда, КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын/Жалпы чогулуштун жаңы датасын жана ордун белгилейт;
  • Бардык Конференциялар/Жалпы чогулуштар даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
  • Он сегиз жашка толгон жана айылда туруктуу жашаган бардык жарандар Конференцияга/Жалпы чогулушкажана шайлоого катышууга укуктуу;
  • КАИАнын аймагында жашабаган, кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке тийиштүү салыктарды төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Конференцияга/Жалпы чогулушка кеӊеш берүү укугу менен (добуш берүү укугу жок) катыша алышат;
  • КАИАнын аймагына кирген ар бир айылдын жыйынында Конференцияга делегаттар  шайланат, анын ичинен КАИАнын аткаруу комитетине _____ талапкерлер дайындалат;
  • Биринчи Конференцияны/Жалпы чогулушту делегаттардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун жана Конференцияга ар бир айылдан кеминде он делегаттын катышуусун аныктайт; 2) Конференциянын/Жалпы чогулуштун төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары, Конференция/Жалпы чогулуш жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жана андан кийинки бардык Конференциялар/Жалпы чогулуштар улантылат;
  • Биринчи Конференциянын/Жалпы чогулуштун күн тартибине КАИАнын уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана КАИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
  • Чечимдер Конференциянын/Жалпы чогулштункатышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

VII. КАИАнын делегаттарынын Конференциясынын/Жалпы чогулуштун компетенциясы.

  • Конференциянын/Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:

–     КАИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

–     КАИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

–     КАИАнынаткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

–     КАИАнын долбоорлорун бекитүү;

–     Жылдык отчетту бекитүү;

–     КАИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;

–     КАИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.

VIII. КАИАнын аткаруу комитети.

  • Аткаруу комитет КАИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын/Жалпы чогулуштардын ортосундагы аралыкта КАИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын/Жалпы чогуштун компетенциясынан тышкары, аткаруучу орган КАИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
  • Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференцияда ар бир айылдан келген талапкерлердин/Жалпы чогулуштун катышуучуларынын арасынан шайланат;
  • Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция/Жалпы чогулуш тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
  • Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
  • КАИАнын чогулуштарынжана Конференцияларын/Жалпы чогулуштарынуюштуруу;
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга катышуу;
  • Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын бекитүүгө катышуу;
  • Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
  • Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
  • Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө;
  • Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
  • Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • КАИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын жана жаш бухгалтерлердин дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
  • Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
  • Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга/Жалпы чогулушка отчет берет;
  • Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
  • Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу жыйыны Конференциядан/Жалпы чогулуштан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда чогулуштун катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат;
  • Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда Аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат.Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
  • Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек;
  • Аткаруу комитетинин кийинки жыйындары 7 (жети) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз жыйналыштар КАИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
  • Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жыйында мүчөлөрдүн 2/3 катышса, компетенттүү деп эсептелет. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму (жетишсиз катышуусу) жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
  • Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
  • Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
  • КАИАнын уставына кол коет;
  • Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
  • Аткаруу комитетинин жыйындарын өткөрүү;
  • Конференциянын/Жалпы чогулуштун жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
  • Конференцияда/Жалпы чогулушта өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;
  • КАИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
  • Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
  • Эгерде КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткара албаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;
  • Аткаруу комитетинин мүчөсүнун иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын/Жалпы чогулуштун көпчүлүк добушу менен чакырылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда/Жалпы чогулушта өткөрүлөт.

IX. Ревизиондук комиссия.

  • Ревизиондуккомиссия КАИАнынКонференциясында/Жалпы чогулушунда бир жылдык мѳѳнѳткѳ КАИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Ревизиондук комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;
  • Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү КАИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
  • Ревизиондук комиссиясы башкарууну белгиленген тартипте жүрүшүн көзөмөлдөйт. Жыл аягында ревизиондук комиссиясы отчетун берет жана ал отчет Конференция/Жалпы чогулуш тарабынан бекитилет;
  • КАИАнын бардык кызмат адамдары ревизиондук комиссиянын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
  • Ревизиондук комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын/Жалпы чогулуштун катышуучуларынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
  • Ревизиондук комиссиянын төрагасы ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

Х. КАИАны жоюу жана реорганизациялоо.

  • КАИА ѳз ишин токтотуу КАИАны реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин каралаган тартипте жγргγзγлѳт.

_________________________ АА

КАИАнын аткаруу комитетинин

Төрагасы                                                 ____                          /__________________________/

                                                                   (колу)                                         (аты-жөнү)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17