Аймак

Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 2,187 Бардыгы /

1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин бөлүм башчысы (1 шт. бирдик).

2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетектөөчү адис-юрист (1 шт. бирдик).

3. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жер адиси-жетектөөчү адиси (1 шт. бирдик)

Талап кылынуучу иш кагаздары:

-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;

-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

-билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-паспорттун, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;

-ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);

-таржымал (резюме);

-квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

Толук маалымат www.jacity.kg сайтында жайгаштырылган.

Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30дан 17-30га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: 0(3722) 2-30-93.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17