Аймак

КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 1,404 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү төмөнкү мамлекеттик бош кызмат орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы  “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башкы адисине (бухгалтер) (У-Б).

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку кесиптик билим, табият таануу илимдери багыттары боюнча: экономика, каржы, бухгалтердик эсеп жана аудит; банк боюнча иштери; менеджмент.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү: –төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”.

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө»; 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 “КР ӨКМдин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги жөнүндө”; 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө»; 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругун.

Билгичтиги:

өндүрүштүн менчигинин сакталышын, материалдык, эмгек жана каржы ресурстарынын сарамжалдуу колдонулушуна көзөмөлдөө жана мекеменин чарбалык-каржы ишмердүүлүгүндөгү эсептик каттоону уюштурууну;

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– каржы тартибин бекемдөөгө багытталган иш-чараларды жандандырууну жана иштеп чыгууну камсыздоо;

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– эмгек акынын жүрүм-фондун эсептөө;

– сатып алуу планын даярдоо, жүзөгө ашыруу жана жеткирүүчүлөр менен иштөө.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.

Функционалдык милдети:

– мекеменин каржылык – чарбалык бухгалтердик эсебин уюштуруу жана материалдык, эмгектик –каржылык баалуулуктарды, мекеменин  мүлкүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;

– ченемдик укуктук актыларды  иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

– өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

– мекеменин бухгалтердик эсебин жана отчётторун рационалдуу уюштурууну камсыздоо;

– активдердин натыйжалуу жана максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө;

– өз ара эсептешүүлөрдү тактоо актыларын түзүү жана аларга кол коюу;

– кассалык тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзүү;

– казналык документтерин даярдоо, өткөрүү жана тиешелүү отчётторду өз убагында тапшыруу, мемориалдык ордерлерин жана тиешелүү элементтер боюнча бухгалтердик проводкаларды жүргүзүү.

Сынакка катышуу үчүн негизги документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын сүрөтү менен; өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), таржымалын (резюмени);

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди дарекке жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде иш күндөрү саат 8:30дан 17:30го чейин тапшыруу керек. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 18. Байланыш тел. 0(559)-11-24-07. Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17