Аймак

Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 5,820 Бардыгы /

Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү төмөндөгү бош  муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

  1. Айыл чарба боюнча жетектөөчү адис (1 штаттык орун)
  2. Компьютердик технологиялар боюнча адис (1 штаттык орун)

Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:

-жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотосүрөтү;

-паспортунун  же инсандыгын күбөлөөчү башка документинин көчүрмөсү

(түп нускасын сынакка келгенде көрсөтөт);

-ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттуулугу жөнүндө тактама;

-ден соолугун күбөлөндүргөн медициналык тактама;

-зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү тастыкталган, илимий даража жана  илимий наам, документтер нотариалдык түрдө же иштеген жеринен  күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек).

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыя чыккан күндөн баштап  он күн ичинде Кеңеш айыл аймагы, Совет айылы Ленин көчөсү №163 даректе кабыл алынат.

Байланыш телефону: 0(3736) 5-00-11.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17