Аймак

Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 7,083 Бардыгы /

Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинин жана Таш-Булак айыл      

өкмөтүнүн төмөндөгү бош кызмат  муниципалдык кызмат орунуна

СЫНАК  ЖАРЫЯЛАЙТ

1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, педагогикалык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

2. Сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис (1 штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же орто кесиптик билим –финансылык экономикалык багыттары боюнча же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча.

3. Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис (1штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же орто кесиптик билим – социалдык иштер адистиги боюнча же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык, экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча.

4. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси – ветеринар (1 штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же орто кесиптик билим – зоотехния, ветеринария адистиктери боюнча. 

Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт.

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Документтарды кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтү, Таш-Булак айылы Д.Махмудов көчөсү №86. Байланыш тел.: 0(555) 74 88 85.

Эскертүү: Функционалдык милдеттер жана квалификациялык талаптар жөнүндө кошумча маалыматтар айыл өкмөт тарабынан берилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17